www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Атамбаев жакында оппозицияга кеткенин жарыялады, бул кабарды сиз кандай кабыл алдыңыз? Эмне себептен экс-президент мындай чечимге келди?
- Атамбаевдин бул кадамы туура болду. Оппозиция ар бир мамлекетте болушу шарт. Иса пайгамбар туулганга чейин 2 миң жыл мурдагы замандагы Гераклит: “Ар бир адамдын ичинде оппозиция болушу керек” деп айткан. Ар бир адамдын ичинде болсо, демек мамлекетке да бул зарыл нерсе. Бирок, оппозиция болуунун да маданияты, этикасы болот. Атамбаев ошол саясий маданияттуулукту сактап, мыйзам чегинде оппозиция болгонго аракеттенсин. Антпей эле, бийликке карама каршы жээкке өтүүнү революция жасап, бийликти алуу деп түшүнүп алышса, кайра эле баштагы көрүнүш кайталанат. Негизинен, экс-президенттин оппозицияга кетип, ордун бошоткону туура болду. Эми чыныгы маданияттуу оппозиция кандай болуусу керектигин Атамбаев көрсөтсүн. Бирин бири баспай, өлтүрбөй, өрттөбөй, талаш-тартыш, талкуу менен эриш-аркак мамлекетти алдыга жылдыра бериш керек.
- Мурунку жана азыркы президенттердин бузулган достук мамилеси талкууга болушунча алынды. “Мени саттты” деген доомат да айтылды. Сиздин оюңузча кандай?
- Достук - бул бийик мамиле. Бирок, ал үй-бүлөлүк, тар чөйрөдө орун алганы туура. Саясатта достук болбойт, эгер болсо, анда коррупцияга жол ачылат. Бийликтин табияты ошондой – саясатта достук эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы деген гана бардыгын ар бир саясатчы түшүнүүсү керек. Эки дос качандыр бир баары бир элдешет. Кыргызда жакшы сөз бар “Арачыга алты таяк” деген. Көп эле уруш-талаш, жаңжалда ортого түшүп, жараштыргысы келген, же мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ансайын алыстатууну көздөгөн үчүнчү тарап кийин ар дайыма айыптуу болуп чыга келет. Ошондуктан, азыр да бул жээкке, же тиги жээкке деп аттын башын буруп, алды-арттан тал кармай бербей, ортомчул позициядан тайбоо керек.
- Атамбаев оппозициячыл күчтүн башында тура алабы?
- Албетте. Ал профессионал оппозиционер да.
- Бирок, аны эл ээрчийби? Алты жылдык бийликтеги ишмердүүлүгүнөн кийин көпчүлүктүн ишениминен ажырап калбадыбы?
- “Элдин арасында баркы жок, эч ким ээрчибейт”- деген кичинекей балдардын сөзү. Жалпыга бирдей жакшы көрүнгөн, же бирдей жаман көрүнгөн эч ким жок. “Эл жаман көрөт”- деп кимдир бирөөнү айта бергенибиз менен ошол элдин ичинде аны да жакшы көргөндөр бар. Жок дегенде аялы, бала-чакасы жакшы көрөт да. “Эл ээрчибейт”- деп так кесе бүтүм чыгарбай, пайызын айтыш керек. Элдин канча пайызы ишенимин жогото элек, канча пайызы ишенбей калды деп.
- Деги эле экс-президенттин 17-марттагы билдирүүсү туура болдубу? Маркумдарга куран окутуу максатында чогулган көпчүлүккө экс-досуна болгон таарынычын сыртка чыгарды, муну кандай кабыл алдыңыз?
- Мен бир гана нерсени айтам: сын айтылган жерде жакшы нерсе да четте калбаш керек. Жаманды чукуй берсең жаман чыгат. Эч бир жетекчи, деги эле адам бир гана жаман сапаттардан куралбайт. Атамбаев эгер досунун алгылыктуу иштерин да айтып, “Казакстан менен мен бузган мамилени жөнгө салды, Өзбекстан менен да ымаланы келиштирди”, - деп барып, андан ары жасабаган, туура эмес жасаган иштерине сын айтып өтсө, көпчүлүк балким туура кабыл алмак. Учурдагы бийликтин албетте, кемчиликтери көп. Коррупция менен күрөш жүрүп жатканы менен градусунда өзгөрүү жок. Экономика ылдыйлабады, бирок өскөн да жок, бир калыпта термелип келатат. Ушундай мисалдарды келтирип, бийлик бул жагынан чабалдык кылып жатат, а бул жагынан жакшы жетишкендикке жетишти десе туура болмок да. Сын-пикир да калыс айтылышы керек. Биздин элдин кээ бир мамлекеттердин элине караганда саясий түшүнүгү, деңгээли абдан жогору. Азыр куру сын, жаманатты кылуу менен эч кимди алдай албайсың. Ишеничтүү, конструктивдүү, элдин көп бөлүгү колдогон оппозиция болгусу келсе, калыстыкты кармануу зарыл. Конкреттүү сыны жок эле жеке таарынычын айта бергени элди иренжитип салгандай.
- Булардын араздашуусу саясий чөйрөнү мурунку жана азыркы бийликтин жактоочулары болгон эки топко бөлүп салгандай болду. Жарылуу, бөлүнүүнүн кесепети кандай болот?
- Мурунку президенттердин ар бирине алар иштеп жатканда ички, кеткенден кийинки сыртка жарылып чыккан таарыныч бийликте жүргөн бардык адамдарда кездешет. Анткени, бирине кызмат тийбей калат, бирөө эңсеген кызматына бара албай калат, дагы бири иштен түшүп калат. Ошондуктан, мындай кызмат “душмандарынан” Атамбаев да куру эмес. Азыр эки топко бөлүнүп жаткандардын арасында берки топко учурдагы президенттин саясаты көңүлүнө жагып, колдогону үчүн эмес, так ошол мурунку президентке таарынычы болгону үчүн кошулгандар да жок эмес.
- КСДП толугу менен оппозицияга кете алабы? Кеткиси келбегендер да көп болсо керек?
- Бизде бир чоң жаңылыштык болгон. Акаев кеткенде “Алганы” жок кылдык. Бакиев кеткенде “Ак Жолду” тараттык. Аларды калтырыш керек болчу. Мына ошондо эң сонун оппозиция пайда болмок. Атамбаевдин партиясын өзүнө берүү керек. Оппозиция болуудан кайра тартпаган мүчөлөрү калат, антүүнү жактырбагандар башка партиялардан өздөрүнө жай издешсин. Бул саясий этика. Бирок, президенттерди жүз пайыз мактап, же жүз пайыз жамандап кирүүнүн кереги жок. Жакшы да, жаман да иштерин айтуу керек. Мисалы, мурдагы бийлик коррупция менен күрөштү ураан кылды, шымалана киришти, акырында мурунку президент Кыргызстандагы номер биринчи коррупционер болуп чыга келди. Ошондуктан, ураанга да ишенүүнүн кереги жок, ар бир иштин кыйкырык-сүрөөнүнө эмес, жыйынтыгына баам салалы.
Булак: “Майдан.kg”