www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтайым эже менен кыргызстандагы саясий кырдаал жана экс-президент камалышы керек дегендер тууралуу жана путиндин келиши боюнча баарлаштык.

-Токтайым эже, Кыргызстандын коомдук–саясый жана мекенчил уюмдарынын  жыйынында коомдук-жарандык уюмдардын өкүлдөрү жана белгилүү коомдук-саясий ишмерлер экс-президент АлмазбекАтамбаевге “тез арада кылмыш иши козголушу керек" деген пикирлерин айтыптыр. Чындап эле Атамбаев камалышы керекпи?

-Атамбаевди камаш үчүн эң биринчи негиз таап, анын кол тийбестигинен ажыратыш керек. Бул абдан узак маселе. Ошондой эле Атамбаевди камоону талап кылып жаткан инсандар өздөрү акталып чыгышы керек. Алар өздөрүнүн ишинин негизинде камалсын десе, аларды камалсын деп Атамбаев өзү чечим чыгарган эмес.  Чечимди соттор, милиция, прокуратура  чыгарган. Ошон үчүн  Атамбаевди өздөрүн каматкан багытта эмес, саясий багытта күнөөлөшсө туура болот. Бирок, аларды өзгөчө Бекболот Талгарбеков мырзаны коомдук жолугушууларда Атамбаевдин бийлигин сындатып,  “Бизди кошуна өлкөлөр таанууга макул болду”  дедирген жок да. Атамбаевге  камалсын деп доомат коёрдон мурун өздөрү бийликте турган мезгилде ушундай маселелерге кандай мамиле кылаарын эстеп коюшу керек.  Прецедент түссө ор кылмыштын ар кандай жагдайларын табыш кыйынчылык деле жаратпай калат. Алар антип сындап жатышканы менен  мамлекеттин талап-тонолушуна эки байкемдин салымы бар  деген тема азыр да күчүндө. Ошондуктан, бирөөгө асылаардан мурун өзүм да чукулуп калбаймбы деп ойлонушу керек. Уруш башташ оңой аны токтотуш кыйын болуп калат. Ошондой эле чукумай азыркы бийликтин да башына келээрин унутпашы керек. Келме кезек деген сөз бар кыргызда. Ошондуктан, Атамбаевди алсыратабыз, сындырабыз деген аксакалдар азыркы мезгилде  улуулугун көрсөтүп, улуу салттуулукту желек кылып, көтөрөбүз деп  кечиримге келип, элим-журтум аман болсун. Мамлекетимде тынчтык болсун деген саясатты колдошу керек. Чукушуп, бири-бирине ор казгандан эч ким пайда таппайт. Убакытты гана уттурушат.  Ошон үчүн өткөндү кечирип, алдыга багыт алып, айкөлдүк кылышыбыз керек.

-Атамбаевди каматууну каалаган топтор экс-президенттин  жеке өзүн эле эмес, анын уулдары Сейит менен Сейтекти жана Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаевге да кылмыш иш козголушу керектигин айтып жатышат го?

-Ал маселени укук коргоо органдарына айтып, арыз менен  кайрылышы керек. Далилдери жетиштүү болсо, арызды адвокаттары аркылуу абакта отурган мезгилде деле жаза беришсе, эмгиче бир жыйынтыгы чыгып калмак. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен бир нерсени айта кетейин. Мен көтөргөн саясий амнистия деген кайрылууну эл аралык коомчулукту колдоп бергиле деп өтүнөлү деген максатта, камакта жаткан саясатчылардын адвокаттарына кайрылганыбызда кол койбой качышкан. Эркиндикке чыгып, азыр чечим кабыл алып, күпүлдөп жаткан инсандар эрдиги үчүн камактан чыккан жок. Эл аралык деңгээлде саясий куугунтукка кабылды деп, ООНго, ОБСЕге жана башка эл аралык уюмдарга байма-бай кайрылганыбыздын натыйжасында чыкты. Мээнетибизди, аракетибизди милдет кылбайм. Бирок, эмгекти  эске ала жүрүшсө жакшы болот эле.

-Аталган уюмдун эгер президент Атамбаевди камоодо мажирөөлүккө, чечкинсиздикке жол берсе, анда митингге чыгып, камоону анан байлыктарын текшерүүнү талап кылаары маалым болду. Атамбаевди камоого Сооронбай Жээнбеков батына алабы?

-Президент мыйзамдын негизинде иш кылбаса ошол эле митинг өз башына тийген балка болот. Азыркы ички жана сырткы кырдаал абдан оор. Алардын бул аракети Кыргызстанда өрт чыгара албай убараланып жаткан күчтөргө майдай эле жагат.

-Атамбаевден КСДПны тартып алууну көздөгөндөрдүн максаты ишке ашышы мүмкүнбү?

-Алардын аракетти Атамбаевдин авторитетин ого бетер жогорулатат. Кадырын мындан да өстүрөт. Партиясын тартып алалбайт. Бирок, анын партиясын тартып алам деп белсенип киришкен адамдарга  кошоматчылыктын “Н”тамгасы чекелерине мөөр баскандай басылат. Алар бул нерсе бийликтин тапшырмасы менен болгон жок деп  канча актанышса да, алардын аракети  бийликке болгон жийиркеничтүү сезимди көбөйтөт.  Алар жаман деп жээригени менен Атамбаев жаманбы, жакшыбы чет өлкөгө таанылып калган саясатчы. Ал бийлик башында жүрүп, бир топ такшалган инсан. Алар ойлогондой маңыроо эмес. Күчкө салса коркуп калбайт. Ал прессасы жок эле түз эле өзү баарлаша алган тажырыйбалуу саясатчы. Аны оңой эле жеңем, сындырам дегендер жаңылышат. КСДП Атамбаевсиз деген лозунгдар анын аброюн гана көтөрөт. Алар ойлогондой андай лозунгдар элдин ишенимин өчүрбөйт. Тескерисинче, Атамбаевдин кадыр-баркын жогорулатат.

-Атамбаевдин оппозицияга өткөнү мамлекеттеги саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө, оппозициянын күчтөнүшүнө салым кошобу?

–Атамбаевдин оппозицияга өтүшү менен оппозициябыз деп жеке кызыкчылыктары үчүн иштеген азаматтардын жүзү ачылат. Каалайбызбы, каалабайбызбы Атамбаев оппозициялык топтун башына келди. Эми Атамбаевдин тактикасын билбегендер аны түрдүү сөздөр менен сынга алып, каралап, ал оппозициялык блоктун башында тура албайт деген ойду элге жайылтууга аракет кылып жатышат. Чынында Атамбаев оппозицияга өтөөр замат ага ишенген чоң топ пайда болду. Алар Атамбаевге оппозициялык блоктун башында тура турган жол ачып берди. Эми Атамбаев саясатка жаңы жүздөрдү, ишинин майын чыгарган жаштарды алып чыгышы мүмкүн. Саясий мансапты көздөгөн флюгерлерди саясаттагы күчтүү, патриот, чортамандарга алмаштырса  партияга кан жүгүрткөнгө барабар иш болот.

-Путиндин Кыргызстанга келишинен эмне  өзгөрөт?

-Өзгөчө бир нерсе болот. Биз күтпөгөн нерсе орун алат. Чоң өзгөрүү болот деп деле ойлобойм. Мага жеткен маалымат боюнча алдын ала пландаштырылган эле  20-30 келишимге, макулдашууларга кол коюлат. Орусия азыркы  европа-американын санкцияларына байланыштуу продукцияларын өткөзгөнгө жаңы аянтчаларды издештирип жатат. Ошондой эле алардан алган продукцияларды бизден алууга, ал үчүн аны өндүрүү маселелерин чечүүгө аракет кыла баштады.

-Путиндин келиши тирешкен эки президентти ынтымакка чакырып, Бабновдун Кыргызстанга келишине шарт түзөт экен дегендер чыга баштады го. Ишенсек болобу?

-Чынын айтсам, мен мындай пикирге анчалык деле ынана албайм. Анткени, мындай маселелер бир топ тыңчылар иштеп жатканда көтөрүлбөйт.

-Бабановдун келээрин айтып, жар салгандар пайда болду. Бабановдун келиши мүмкүнбү?

- Жалгыз эле Бабанов эмес жалпы качкын кыргыздарыбыз менен кошо ажолорубуз баш болуп кайтып келип, элден кечирим сурап, башы биригип, мамлекетибизди көтөрүшүн каалайт элем. Анткени, сыртта бир качкын болсо да, мамлекет үчүн коркунучтуу күч, болуп саналат. Алар сырткы саясий топтордун кызыкчылыгындагы аскерлер болуп калышат. Ошон үчүн душмандашпай эле элдешишсе, эл кечирим кылса. Кыргыз эли улуулугуна салып, айкөлдүк кылса жакшы болот эле. Алар келсин дегенимдин да жөнү бар. Экономикабыз эңшерилип турганда, каражат таппай кыйналып жатканыбызда алар менен чыгарып кеткен каражаттар да мекенибизге келмек. Инвестиция тартабыз деп түйшөлбөй эле алардын каражаттары менен завод, фабрикаларды куруп, элди жумуш менен камсыздап,  элдин, мамлекеттин түйшүгүн жеңилдетишсе мамлекет үчүн да, эл үчүн да жакшы эле болмок.

-Токтайым эже, 7-апрелде экс-президент сизге биринчи сөз берем дегени чынбы?

-Ооба, ошондой чакыруу болду. Кыргызда чакырбаган жерге барба, чакырган жерден калба дейт. 7-апрелде урмат-сый көргөзүп, чакырган кайсы жер болсо да барам. Анткени, Апрелдин чындыгы бир тараптуу болуп  жатат. Чыркыраган чындыкты эл билиши керек. Ошол мезгилдеги жанын курман болгондордун тилеги, үмүтү акталсын деген революционербиз деп көкүрөгүн урбаган  топтун атынан сүйлөгөнгө моралдык укугу бар адамдар ошондой жыйындарга катышыш керек деп ойлойм.

Чынайы Кутманалиева, Ачык саясат

Последние новости