www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жашоодо эмне деген гана окуялар болбойт. Бирок баары бир гана буйруктан жана тагдыр экенине баам салганыбыз туура. Тээ илгери он төрт жаш курагында, Асылжан деген кыз, бир хандын жалгыз баласына өз көңүлү менен турмушка чыгат.

Бирок, бир апта жашаган соң, экөөнүн жаңы гана жашоонуну кызыгына батып келе жатканда, алыстан душман келип, курган бала апаатка кетип, душмандын колунан каза болуп калат.

Ошондо Асылжан катуу капа болуп, тагдырына баш ийип ыйлагандан пайда жок экенин ойлоп, сексендеги кайын атасын аңдыйт. Бир күнү түш ченде кайын атасы заара кылган жерди барып карап, анын заарасын көрүп туруп, андан дагы бала төрөлө турганын билип, күйөөсү каза болуп калган курдашы Айжаркын деген бой келинди кайын атасына тийгенге көндүрөт. Анын себеби кайын энеси каза болуп калып, кайын атасы жалгыз жашап жаткан болот.

Асылжандын курдашы Айжаркын башында такыр каршы болуп, “абышкага кантип тиймек элем” деп чыгат. Бирок Асылжан акылга салып, Айжаркынды макул кылып, анан айыл аксакалдарын ортого салып, кайын атасын көндүргөндөн кийин Айжаркынга нике кыйдырышат.

Бир апта дегенде абышка Айжаркынга араң бир жолу жакындайт. Ошол бир жолку жакындаганында эле Айжаркындын ичинде түйүлдүк пайда болот. Бул эми Асылжандын алдыны көрө билгенинде жана акылынын ушул ишке жеткенинде болот.

Акыры Айжаркын убакыт сааты жетип, эркек бала төрөйт.  Эл чакырып той берип уулунун атын Каражал коет. Асылжан тилеги кабыл болгонуна кубанып, тиги келиндин көзү менен тең айланып, баланы бакканга жардамын берет. Бул жашоонун арабасы бир жерге туруп калбай өтө берет эмеспи.  

Асылжандын ойлогон оюу ишке аша турганга да убакыт сааты жетет. Билинбей туура он беш жыл өтүп, Асылжан отузга жашы жеткен кезде, кайын атасынан төрөлгөн бала Каражал он беш жашка чыгат. Ошондо “шарият жол берип” деп он беш жаштагы балага нике Асылжанга нике кыйдырат. Анткени шарият боюнча жесир калган келин кайнисине турмушка чыкканга болору да чын.

Асылжан эмне үчүн баланы он беш жыл күтүп турмушка чыккан жок, маселе мына ушунда. Анткени хандын тукумунан жакшы эл керегине жараган уул баланы төрөш үчүн ушул жолго барганы айтылат.

Айткандай бул убакта канчалаган кишилер колун сурап, атасы менен апасын ортого салып куда түшүп келишти. Бирок алардын тилегин таш каптырып баарына Асылжан каршы болуп, өзүнүн оюн эч кимге атпай, ал турсун эч кимге сыр бербей сырын ичине катат.

Асылжан жаш кайнисине турмушка чыгып, кайсы бир аты тарыхта аты калган баатыр баланы жарык дүйнөгө алып келген экен. Мына аялдын асылы, акылы керек болсо элдин келечегин ойлоп, элге керек бала төрөш үчүн эмне деген гана азапка башын байлабайт. Бул эми турмушта болуп келген жана боло берет. Асылжандай акылга дыйкан, алдыны көрө билген азыр деле ак жоолукчандар бар, бирок андай аялдар эч качан сырын сыртка чыгарбайт.  

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости