www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттикке талапкерлердин өз позициясынан тез кайтып кетүүсүн эмне менен байланыштырасыз?
- Мен саясат талдоочу катары изилдеп көрүү максатында президенттикке талапкерлигимди коюп көрдүм. Биздин конституциялык мыйзамдардын негизинде талапкер болуу абдан оңой экен деген жыйынтыкка келдим. Эч бир жарандын укугу тебеленбейт, БШКга документтер дароо кабыл алынат.
Кыргыз тилинен тест тапшырдым, ал дагы оңой экен, болбосо мен биринчи жолу кыргыз тилинде дилбаян жаздым. Күрөө суммасын төлөөгө даяр болгон тааныш, жоро-жолдоштор да табылат экен.
Алтургай 30 миң кол чогултууга жардамын сунуштагандар да чыкты. Мен муну менен эмнени айткым келип жатат? Мисалы, менде ошондой жардам сунуштагандарга ыраазычылык пайда болду.
Кокус, президент болсом, алардын айтканын эки кылбагыдай ой жаралды. Мындай нерсе башка талапкерлерде да болсо керек деп ойлойм. Талапкер президент болгонго чейин эле кайсы бир адамдардын жетегинде калат экен.
Ал эми суроо боюнча айтсам, жалан гана өзүн мамлекеттин башкы кызматынан көрүүгө ишенгендер талапкер болгон жок. Ар биринин максаты ар башка, кимдир бирөө соодалашууга, айрымдары мен сыяктуу баамдап, байкап көрүү үчүн ат салышкандар. Анын баары азыр белгилүү болуп калды.
- Саясатта, айрыкча президент болууга аттанган адамда туруктуулук принциби канчалык деңгээлде маанилүү?
- Биздин коомдо туруктуулук деген өтө философиялык түшүнүккө айланды. Туруктуулук бир гана коммунисттерде болгон. Азыр тилекке каршы, бул түшүнүк менен дос болбогондор көп. Саясатчы көз карашын, кабыл алуусун алмаштыра алат, анткени убакыт бир ордунда турбайт.
Доор алмашат, коом эскирип, иштебей калат. Бирок элдин кызыкчылыгына, өлкөнүн бакубат жашоосуна байланышкан каалоосу туруктуу болушу шарт, президенттикке чейин да, бийликке жеткенден кийин да. Ушул туруктуулугу аркылуу элдин колдоосуна же жерүүсунө туш болот.
- Жапаров дагы жөнөкөй эле талапкер да. Анда эмнеге саясий сүйлөшүүлөр, келишүүлөр аны менен жүрүүдө?
- Жапаровду парламенттин депутаттарынын басымдуу бөлүгү, элдин көп катмары колдоп жатат. Өзү өтпөсүнө көзү жеткен талапкерлер анын баарын көрүп, күчтүү талапкер менен саясий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. Саясаттын табияты ушул: алсыздар күчтүүлөрдүн тегерегине чогулат. Эмне болсо да, мындай сүйлөшүүлөр мамлекетибиздин келечегине пайдалуу болсо болду.
- Президенттикке талапкерлердин айрымдары менен келишүүлөр болуп жатат. Мисалы, Садык Шер-Нияз. Ал татыктуу атаандаш болгону үчүн ушундай кадамдар кабыл алынуудабы же дагы башка себептери барбы?
- Эки гана күчтүү талапкер бар: Жапаров жана Мадумаров. Башынан кандай максатты көздөп талапкер болгондор акыры ошону иш жүзүнө ашырышат. Бири саясий соодалашууга барат, экинчиси талапкер болуунун алгачкы процессин көргөндөн кийин артка кайтат.
- Талапкерлердин кимисин татыктуу атаандаш деп айта аласыз?
- Атаандаштык жогоруда белгилегенимдей, Жапаров менен Мадумаровдун ортосунда жүрөт. Бул эки талапкердин тең саясий көз караштары элге белгилүү, өздөрүнүн электораты бар.
Ошондуктан, жарыш ушул экөөнүн ортосунда болот. Кимиси мамлекеттик башкаруу системасын туура тандап алса, эл ошого тартып кетет.
Булак: "Азия News" гезити