www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевдин ишин сынга алды.

Ал тирүү малды үчүнчү өлкөгө чыгарууга тыюу салынышына каршы экенин билдирип, министрге суроо узатты. Төмөндө экөөнүн диалогу сунушталат.

— Мал базарга бет кап тагынып жашынып бардым деп айтыпсыз, ошол туурабы?

— Баасын билиш керек да...

— Андай туура эмес. Андан көрө "мен баратам" деп айтып коюп, чыкыйып костюм-шым кийип алып, эл менен жолугуп кел. Ат-Башыга барып келчи, эмне деген сөз угат экенсиң.

— Жок, андан кийин бет капты чечип барып дагы эл менен сүйлөштүм.

— Чечпей эле бар түз эле.

Токтогазиев жылмайып гана тим болду.

Ал эми Нурдинов эгер депутаттардын укугуна кирсе, ушул тыюу салган мыйзамды добуш берүү менен жокко чыгарып салууну сунуштады. Вице-спикер Мирлан Бакиров ал мыйзам эмес токтом экенин айтып, бул боюнча өкмөткө сунуш берсе болорун түшүндүрдү.

Жыйында тирүү малдын сатылышына коюлган чектөөгө башка дагы бир нече депутат каршылыгын билдирди. Токтогазиев аларга жооп берип жатып этти экспорттосо болорун белгилеп, азыр аны сөгүп жаткандар бир жылдан кийин рахмат айтаарын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 


 

Последние новости