www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токионун тургуну метро станциясындагы дааратканага маркум атасынын күлүн урнасы менен кошо катып койгондугу үчүн кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Хироаки Хисидзиманын 53 жаштагы атасы анын апасы менен ажырашып, өзүнчө жашап жүргөн. 2019-жылы сентябрь айында атасы каза болуп калат. Маркумдун сөөгүн кремациялоону (сөөгүн өрттөө) Токионун муниципиалдык өкмөтү өткөргөн. Октябрда өкмөт Хисидзиманы атасынын калдыгын алып кетүүсүн талап кылышкан.  

Баласы атасынын күлүн урнасы менен кошо алып кеткен. Ал күлүн андан ары эмне кылаарын билбей, апасынын ачуусунан коркуп үйүнө алып барган эмес деп божомолдошууда. Башка маалыматтар боюнча апасы үйүнө алып келүүгө каршы болгон.

Ошондуктан Хисидзима маркум атасынын калдыктарын Токиодогу Маруноути метросунда эркектердин дааратканасына таштап салган. Кийин станциянын кызматкерлери калдыкты таап, полицияга кабарлашкан.

Учурда бала кармалды жана ал үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости