www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясаттын агымы менен эл экиге бөлүнүп, кыргыз бири-бирин сыйлабай жаткан көрүнүшкө туш болдук. Социалдык тармактарда маалымат алуу менен маалымат берүү күчөгөн маалда WhatsApp социалдык тармагында маанайды көтөргөн шилтемелерди окурмандарга сунуштайбыз. 

Аманбы СССРде туулгандар,
Бүт айыл бир баняда жуунгандар.
Мектепте комсомол, пионер болуп,
Кыпкызыл галстук тагынгандар.

Эки зым менен жүн байпак токугандар,
"Бонжур, гуднтаг" деп, 
Француз, немец тилин окугандар,
Уруксатсыз эч нерсеге тийбеген жер.

Бала болуп памперсти да кийбегендер,
Кыздары бир балалуу болгондо, 
Төркүндөтүү эмне экенин билбегендер.

Индиянын киносунан калбагандар,
Тойканага тойлорго барбагандар.
Мугалимдерге билгизбей жашырынып,
Туулган күндү үйүндө тойлогондор.

Галошту машина кылып ойногондор,
Атамдын оозунан түшкөнмүн деп
Эркек киши төрөйт деп ойлогондор.

Таза го силердин жүрөктөрүң,
Талбасын Аллах берген билектериң.
Бүгүнкү ачык асман күндөрүндө,
Кабыл болсун үмүт эткен тилектериң,
Урматтуу СССР убагында туулгандарга арналат! - деген шилтеме тарады.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости