www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Бишкекте балдардын укугун коргоого арналган акция өтөт.

Ак үйдүн алдында өтө турган акцияны уюштурууга шаардык бийлик уруксатын берди.

“Балдарга сексуалдык зордук көрсөткөндөрдүн жазасын катаалдатуу жана өлүм жазасына мораторийди алып салуу керек” дейт активисттер.

Жакында укук коргоочулар наристелерди зордуктагандардын аракетин талдап, мындай кылмышка көп учурда бала менен чогуу жашаган үй-бүлө, туугандары бара турганын иликтеп чыккан.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда былтыр балдарга карата 824 кылмыш жасалса, анын 106сы сексуалдык мүнөздө болгон. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 44 кылмыш иши козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости