www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балапан бойдон Орусияга учуп кеткен Бабанов, короз болуп учуп келди. Бир нече жолу тарапташтарын «кидать» эткен Өмүрбек Бабанов эмне себептен ызы-чуу маалында мекенине кайтып, келди? Бул суроону азыр эмчектеги бала гана талкуулай элек.
Балапан Өмүкебиз болсо азырынча канаты катып, жаны корозго айланган балапандай болуп, «эйфориядан» чыга элек. Талас эли аны Кыргызстандын чыныгы ажосу сенсиң деп, кулунун көккө көтөрүп жатканы баарыбызга маалым.
Эл сүйүүсүнө ээ болгону жакшы, бирок калп айтпасам, Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштү так ушул балапандан баштамак эмес беле? УКМКда келсе эле аэропортон баса калып, камай турганын да ММКларга таратып жиберишкен.
Баарын талдап отуруп, мунун баардыгы, элди алдай турган жөн гана шоу экенине көзүм жетти. Өмүрбек Бабановдун шайтан менен да тил табыша ала турган таланты бар, бул ирет дагы Өмкө сыйкырын колдонуп пайдасы тийди сыяктанат.
Соңку окуяларга сары эсеп салсак, Өмүрбек Бабанов саясатка аралашпайт, жөн гана кысчу жерин кысып, бизнесин кылып, мекенине кенен-кесир кирип, чыгып жүрө берет деп айтылган эле.
Бул жөнүндө балапандын тарапташтары кабардар эмес беле. Бирок, « Республика» партиясы шайлоодо Соке тараптагы партия катары ойношу мүмкүн. Же болбосо, калп эле оппозиция катары Жогорку Кеңеште «фон» түзүп берет.
Себеби, Өмүрбек Бабанов биринчи ирет соодагер, анан гана саясатчы. Ал үчүн, жеке кызыкчылыгы, элдин кызыкчылыгынан жогору турат. Ал азыр АШАдан айырымаланып, тергөөчүгө суракка зынкыйып барат, көрсөтмөсүн беримиш болот, анан журналистерге популистик ырын ырдайт, -« Мен мыйзамды сыйлайм, күнөөсүз экениме ишенем, сотто далилдейм», деп акырын апакай болуп чыга келет. Ошентип, Балапан Бабанов саясаттагы сасык оюндан «без потерь» чыгат. Укук коргочу Качкынбек Булатов
Булак: NazarNews.kg