www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу максатында Али Касымов кызыктар тараптан акча каражатын алып, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарына берип, ортомчу  катары жүргөндүгү аныкталган. Ошону менен А. Касымов А.Батукаевдердин үй-бүлөсүн профессионалдык жактоочу катары коргоону ишке ашырган эмес.

2019-жылдын 31-июль күнү Али Касымов Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн шектелип кармалган.

2019-жылдын 2-август күнү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 43-берененин 4-бөлүмү менен 319-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымда тапшырылып, ага карата Бишкек шаарынын Биринчимай райондук сотунун чечими камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Шектүү А. Касымов коргоочусу менен бирге 2019-жылдын 16-август кунү кызматташуу жөнүндө процесстик келишимге келүү жөнүндө өтүнмө каты менен кайрылган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан ага карата бөгөт чарасын өзгөртүү маселелери каралып жатат, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости