www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу эл журт!

Чындык менен адилеттикти тебелебейличи! 

Мына бүгүн дагы чындык менен адилеттик тебеленди. Миңдеген кылмышкерлерге колдонгон амнистияны Садыр Жапаровко колдонбогону адилетсиздиктин жеткен чеги эмеспи. Башкасын айтпай эле коёюн. Белгилүү саясатчылар Текебаев менен Чотоновко колдонулган амнистияны Садыр Жапаровко колдонбогону эмнени каңкуулайт? Жалпы республика боюнча миңдеген кылмышкерлерге колдонуптур. Анан эле жалгыз Жапаровко келгенде колдонулбай калабы?

Ал мыйзам 6 эле ай иштеген деген карандай калп шылтоо айтып жатышты эле. Мына деп 2015, 2016, 2017, 2018, 2019-жылдарда кимдерге колдонулганын он чакты өкүмдөрү менен таап, ишке тиркеп, соттордун көзүнө сая көрсөттүк. Соттор көрмөксөн болушту. Садыр Жапаровко колдонулбасын деген чечим чыгарышты. 

Биздин өлкөдө адилеттүүлүк орнойбу же сот иштерин "звонок" менен иш чечип жашай беребизби? Орустар айткандай "КРИК ДУШИ". 

Шарабидин Токтосунов, жактоочу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости