www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балет театрындагы балит саясат же...

"Бирөөгө ор казба, казсаң да тайыз каз, өзүң түшүп калышың мумкүн" деген кеп бар эмеспи, оболу ошол сөз учурда Осмонов Болотко жарашып турган чагы. Опера жана балет театрынын башчысы Болот Салбарович ойдо жок жерден кызматынан алынды. Ага, 19-январда бул театрдын сахнасында өткөрүлгөн «Дота 2» компьютерщиктердин мелдеши себеп болгон. Коомчулук атактуулар ойногон сахнада балдардын ойногонуна нааразычылык билдиришкен. Мындан туптуура 4 жыл мурун ал кездеги театрдын жетекчиси Тимур Саламатов театр сахнасын Бишкек шаардык депутататтарынын туулган күнүн өткөрүүгө бергени үчүн кызмзтынзн алынган эле.

Кыэыгы. Саламатовдун ордуна ор казган дал ушу Осмонов болгон. Анда Бокең маданият министрлигинин башкармалыгын жетектеп турган, Саламатовдун кемчилигин «чектен чыккан чекилик» деп сыпаттаган.

Ии баса, Осмоновдун мындай обу жоктугу экинчи ирет кайталанып жатат. Максим Бакиевдин убагында театр сахнасында достору менеи сайран кургандары ачыкталып, 2010-жылы Осмоновду ошол кездеги бийликтин айдап чыкканы бар.

Айткандай, Осмоновдун ордуна Керим Турапов дайындалды.

Булак: "Фабула"

Последние новости