www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британияда сот жалпы баасы 400 миң фунтка бааланган 50гө жакын зер буюмду камакка алуу чечимин чыгарды. Алар Азербайжан эл аралык банкынын мурдагы башчысы Жахангир Гажиевдин жубайы Замира Гажиевага таандык болгон.

Жахангир Гажиев – банкрот болгон «Азербайжан эл аралык банкы» ААКсы башкармалыгынын мурдагы төргасы. Баку соту аны алдамчылыкка, банктан 138 миллион доллар уурдоого жана кызмат абалын кыянат пайдаланууга айыптап, 15 жылга соттогон. Банкир бул айыптоолорду четке кагып келет.

Күйөөсү камалгандан кийин Замира Гажиева өлкөдөн качып, «инвестордун визасы» менен Улуу Британияда жашап келген. Сотто көрсөтүлгөн документтерге ылайык, он жыл ичинде ал бир эле дүкөндө 16 миллион фунттан ашык доллар короткон. Ошондой эле кымбат шараптарды, зер буюмдарды дагы сатып алып жүргөн. Мындан тышкары анын жеке учагы, Лондондун борборунда кыймылсыз мүлктөрү жана 10 миллион фунтка бааланган (13 миллион доллар) гольф-клубу бар экени аныкталган.

Быйыл февралда Улуу Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү агенттиги Гажиевадан Лондондо алган үйү үчүн төлөгөн 22 миллион фунтту кайдан тапканын далилдеп берүүнү талап кылган. Бирок банкирдин жубайы далилдей алган эмес.

Улуу Британияда бул иш боюнча жараян октябрда башталган. Соттун чечими менен зер бумюдар Гажиеванын акчалары кайдан табылганын аныктоо боюнча тергөө аяктаганча Кылмыштуулукка каршы күрөшүү агенттигинде сакталат.

Жыл башында Британияда күмөндүү байлык кайдан келгенин, шектүү турак жай кайсы акчага сатылып алынганын териштирүүгө жол ачкан жаңы мыйзам иштей баштаган.

Булак: "centralasian"

Последние новости