www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-апрелде, “Алтын корона – акчалай которуу”системасы Кыргызстандын коммерциялык банктарына  акча которуунун көлөмү бир айда 100миң сомго чейин чектөө киргизгенин билдиргенин Улуттук Банктан кабарлашты.

Чектөө 16-апрелден баштап, РФнын  Борбордук банкынан сунушу менен киргизилген. Мындан соң, кээ бир коммерциялык банктар Орусиядан акча которуунун чектөөсү боюнча маалыматты өздөрүнүн сайтына жайгаштырышкан.

“Азыр кардар 30 күн ичинде, Орусиядан Кыргызстанга 100 миң сомдон ашык акча которо албайт”- деп жазылат маалыматта.

Улуттук банктын эсептөөсү менен, акча которуу системасы менен жеке жактардын акча которуусу 400-500 долларды түзөт. Ал эми орто эсеп менен мигранттын айлык акысы 500-600 доллар. Бул чектөө эмгек мигранттарынын акча которуусуна залакасын тийдирбейт – деп айтты УБ.

Акчалай чектѳѳ “Золотая корона – акча котору” системасында эле эмес,  Western U системасына да кирген. Contact системасы 600 долларга чейин чектөө койгон.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости