www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул чактарда Башкы прокуратура бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлбөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү бар бир нече судьяны жооп­керчиликке тартууга ниеттенип жатат. Ошондой эле жаза­лоочу бул орган Соттор кеңешинин алдындагы Дисципли­нардык комиссияга ошол «бир нече судьяларды» дисципли­нардык жоопкерчиликке тартуу сунушун жөнөтүшкөнүн билдиришти.

Башкы прократуранын айтылган андагы маалыматына караганда, судьялардын мүлкү жашырылгандыгы тууралуу Салык кызматынан келген материалдарды карап чыккандан кийин белгилүү болгон. Албетте, бул колдоого алынаарлык иш дейли. Эми анча болду, так ушу декларация боюнча жал­пы коомчулуктун кыжырын келтирген Жогорку Кеңештин «бечера» депутаттарынын да жакында эле жарыяланган декларацияларын жакшылап казып, ошол «жасалма бай­куштарды» да укуктук негизде жазалаганга кудуреттери жетээр бекен? Анан калса мамлекеттин башчысы чинов­никтердин декларациясын текшерүү – коррупцияга каршы күрөштүн милдеттүү бир бөлүгү болоорун билдирген эле го? Болгондо да парламенттин бийик трибунасында туруп...

Булак: "Айгай"

Последние новости