www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жарандын кайрылуусунун негизинде эмгек мыйзамдарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө финансылык мекемелердин биринде болгон өндүрүштүк кырсык боюнча Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан тиешелүү чаралар өз убагында көрүлбөгөнү аныкталды.

Маалыматка караганда, жаран А.С. жубайынын өндүрүштүк кырсыктан каза болгондугуна байланыштуу компенсация алуу үчүн аталган кызматка бир нече жолу кайрылган.

Бирок ага карабастан, компенсация төлөнүп берилген эмес.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жарандын бузулган укуктары калыбына келтирилди.

Натыйжада II топтогу майыптыгы бар А.С.га финансылык мекеме тарабынан 6,5 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилди.

Мындан тышкары, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаган жооптуу кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылды.

Последние новости