www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскар Акаев он алты жылдан бери Москвада дымы чыкпай жаткан. Быйыл августта бийликтен «добро» алып Кыргызстанга келип Кумтөр боюнча УКМКга сурак берип кетти. Президент Аскар Акаев Кыргызстанды 15 жыл башкарган. Ал аралыкта «Баткак шайлоо» өткөзүүгө багыт алып Акаев ыйгарымдарын кеңейтип, Конституцияны беш жолу өзгөрткөн. Балким 1995-жылдагы Колнституция боюнча калсак Кыргызстан өнүкмөк беле? 2000-жылы Акаев Конституция эки гана мөөнөттү шарттаганына карабай төртүнчү жолу (1990, 1991, 1995) президент болуп шайланган. Акаевдин тушунда үй-бүлөсү саясатка активдүү кийлигишип турган. Жубайы Майрам Акаева «Кыргызстан аялдарынын партиясын» жана «Мээрим» кайрымдуулук фондун жетектеген. «Мээрим» фондуна каршы 2005-жылы акча каражаттарын мыйзамсыз которууларга байланыштуу кылмыш иши козголгон. Акаевден  соң экс-канайым Майрам Дүйшөновна көп элге билинбей туулган жери Таласка чейин келип энеси менен учурашып кетти.

2002-жылы Акаев Үзөнгү-Кууш капчыгайындагы кыргыз жеринин бир бөлүгүн Кытайга өткөрүп берген. Парламент депутаты Азимбек Бекназаров президентке импичмент жарыялоону сунуштап, бирок өзү кармалган. Бекназаровдун жердештери эл өкүлүн бошотуу талабы менен митингге чыгышкан. Милиция демонстранттарга ок чыгарып, алты киши каза таап, отуздан ашууну жарадар болгон. Жарандарга карата бул ок атуу Кыргызстанда Аксы окуясы деп белгилүү.

Акаевдин тушунда өлкөдөгү ири алтын кени Кумтөрдү иштетүү боюнча кыргыз-канада биргелешкен ишканасындагы мамлекеттин үлүшү 67ден 16%га кыскарган. 2021-жылы Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген коммисия Акаевдин үй-бүлөсү бул үчүн акчалай жана акция түрүндө ири пара алганын аныктаган. Акаев бул айыпты четке кагып, 2005-жылы бийликтен оодарылгандан кийин өкмөттүк комиссия түзүлүп, ал анын «байлыктарын» издеп таппай койгонун эске салган. 2005-жылы парламентке «баткак» шайлоо өткөзүп Жогорку Кеңештеги орундардын көбү Акаевдин үй-бүлөсүнүн «Алга Кыргызстан» партиясына тийип, президенттин кызы менен баласы депутат болуп шайланган. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгына каршы болуп, эл көчөгө чыгып, Ак үйдү басып алган. Акаевдер кланы алгач Казакстанга, андан ары Орусияга качууга мажбур болгон.

Алар качып чыккандан кийин өлкөдө Акаевдердин үй-бүлөсүнө каршы ондогон кылмыш иши козголгон. Мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү ондогон миллион доллар деп бааланат. Бозгун президенттин жакындары эл аралык издөөгө жарыяланган. Аскар Акаев Москвада жашайт, Москва гуманитардык университеттинин профессору. 2020-жылы Акаевдин уулу Айдардын сөөгү 1 млн АКШ долларынан ашык акчага бааланган «Рублевкадагы» үйлөрдүн биринде табылган.

1944-жылдын 10-ноябрында Кеминде туулган Аскар Акаев буга чейин саясаттан четтеп калган, бул ирет ал Москвада жүргөндө дайым каттап жүргөн балдызы, азыркы «министрлердин массажисти» Токтайым Үмөталиеванын «Жашасын Кыргызстан» партиясын камчылай баштагандай. Акаевдин кызы Бермет учурунда  «Алга, Кыргызстан» партиясын жетектеген, аны ал кездеги президент Аскар Акаев колдогон. Эми «Жашасын Кыргызстан» деп атын жакшы коюптур, заты кандай болду экен?

Аскар Акаев президент болуп турганда, Борис Ельцин мыйзам боюнча үчүнчү ирет президент болбошун түшүнүп ордун Владимир Путинге өткөзүп берет. Андан бери санап отурсак Кыргызстанда Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков, Садыр Жапаров болуп алтынчы президент менен иштешип жатат. Путин 1999-жылдын августунда премьер-министр болуп келет, ал учурда Муралиев Амангелди өкмөт башында турган. Андан бери премьердин милдетин аткаруучулар менен жыйырма жети өкмөт башчысы менен иштештик. Муралиев Амангелди Мурсадыкович (1999-2000), Бакиев Курманбек Салиевич (2001-2002), Танаев Николай Тимофеевич (2002-2005), Кадырбеков Ишенбай (2005-жылдын 24-марты), Бакиев Курманбек Салиевич (2005-жылдын март-июлу), Кулов Феликс Шаршенбаевич (2005-2007), Исабеков Азим Бейшенбаевич (29.01-29.03.2007), Атамбаев Алмаз Шаршенович (29.03.-24.12.2007), Жапаров Акылбек Үсөнбекович (2007-жылдын октябры), Айдаралиев Искендербек (2007-жылдын октябрь-декабры), Чудинов Игор Витальевич (24.12.2007-2009), Үсөнов Данияр (2009-2010), Отунбаева Роза Исаковна (2010-жылдын апрель-июну), Муралиев Амангелди Мурсадыкович (техникалык өкмөттү жетектеген), Атамбаев Алмаз Шаршенович (2010- 2011), Бабанов Ѳмүрбек Токтогулович (2011-12),Сатыбалдиев Жантѳрѳ Жолдошевич (2012-2014), Оторбаев Жоомарт Кайыпович (2014-2015), Сариев Темир Аргенбаевич (2015-2016), Жээнбеков Сооронбай Шарипович (2016-2017), Исаков Сапар Жумакадырович (2017-2018), Абулгазиев Мухаммедкалый (2018-2020), Кубатбек Боронов (2020 –июль -2020-октябрь), Садыр Жапаров (2020-октябрь- 2020 декабрь), Артем Новиков (милдетин аткаруучу) (2020-декабрь-2021-январь), Улукбек Марипов (2020-2021), Жапаров Акылбек Үсөнбекович (2021-жылдын октябрынан).

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости