www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү делип С.Сапарбеков деген адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, ИИМдин тергөө кызматы Садыркуловдун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат.

"2021-жылдын 26-ноябрында ИИМдин кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары С.Сапарбеков кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген", -деп айтылат маалыматта.

Ал эми 2021-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө соту тарабынан шектүү С.Сапарбековго карата 2022-жылдын 26-январына чейин Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камоо түрүндөгү бөгөт чарасы колдонулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости