www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук статистика комитети Кыргызстанда акыркы 2018-2022-жылдар аралыгындагы беш жылдын ичинде керектөө товарларына болгон баалар 39,2 пайызга кымбаттанын билдирди.
Маалыматка ылайык, 2018-2022-жылдарда өлкөдө баалар тамак-ашка жана алкоголсуз суусундуктарга — 51,8 пайыз, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге — 50,9 пайыз, азык-түлүк эмес товарларга 24,9 пайызга жогорулаган.
Өткөн жылы баалар балыкка — 32,5 пайызга, кумшекерге — 30,5, унга — 27,8, сүт азыктарына — 26,8, нанга — 17,4, алкоголсуз суусундуктарга — 16,1, уйдун этине — 12,2 жана койдун этине — 11,7 пайызга жогорулаган.
"Акыркы беш жыл ичинде азык-түлүккө жана алкоголсуз ичимдиктердин баалары Нарын облусунда (56,1 пайызга) эң көп өлчөмдө өскөн. Ал эми азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын эң көп өсүшү (32,3 пайызга) Баткен облусунда белгиленген", — деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg