www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 24-июль күнү болжол менен саат 6:00 чамаларында Баткен облусунун Ак-Сай айылынын жашоочулары Исфара-Ворух жолун тосууга аракет кылышып, жолго шагыл төгүшкөндө, жергиликтүү жашоочуларды таратуу үчүн милиция кызматкерлери атайын каражаттарды колдонушкан.

Бул маалымат тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун жергиликтүү тургундары Исфара-Ворух жолун тосууну аракет кылышкан, өз кезегинде милиция кызматкерлери мыйзамды бузбоону жана жолду тоспоону талап кылышкан. Ал эми жергиликтүү жашоочулар ички иштер органдарынын кызматкерлери тарапка таш ыргыта башташкан. Ички иштер органдарынын кызматкерлери атайын каражатты колдонгон. Жабырлануучулардын ичинде төрт милиция кызматкери бар.
Азыркы учурда Баткен РИИБдин кызматкерлери мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда бул орун алган мыйзамсыз жагдайлар мындан ары орун албаш үчүн  калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Учурда Ак-Сай айылында абал туруктуу.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости