www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунда алдыда өтө турган маданий жана коомдук-саясий иш-чараларда коомдук коопсуздукту камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат.
Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Баткен ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Улан Жукенов апта башында өздүк курамдын саптык тизилүүсүнө катышып, андан соң кызмат жана бөлүм башчылары, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн форматта аппараттык кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө алдыда өткөрүлө турган маданий жана коомдук-саясий иш-чараларда коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Жетекчилерге кызматкерлердин жоопкерчиликтүү мамилесин камсыз кылуу жана коомдук тартипти жогорку деңгээлде сактоо боюнча тапшырмалар берилди.
Ошондой эле шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерине 2026-жылдын сегиз айынын жыйынтыгын ийгиликтүү аткаруу, жаңыдан кызматка дайындалган жаш кызматкерлерге насаатчыларды бекитүү боюнча милдеттер коюлду.
Жарандардын жашоо-турмушуна терс таасирин тийгизген кылмыштардын алдын алуу иштерин күчөтүү, кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды натыйжалуу жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.
Мындан тышкары, өздүк курам арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту так сактоо, кызматкерлердин коомчулукта терс пикир жаратуучу коррупциялык, аткезчилик жана башка мыйзамсыз аракеттерге аралашуусуна жол бербөө боюнча жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди.