www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу Баткендеги Лейлек районунун чек арага жакын айылдардын жашоочуларынан келген каттарга таянып, депутат Карамат Орозова бүгүн, 5-декабрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында айтып чыкты.
- Лейлектин чек арага жакын айылдарында жашаган тургундардын социалдык абалдары өтө оор, жумушсуздуктун айынан алар тажикстандыктар менен алака кылып турушат. Ал эми алардын ар бири Тажикстанга кирип-чыкканы үчүн айына 35 сомдон төлөшөт. Мындан сырткары андагы чек арачылардын санын көбөйтпөсө өтө кооптуу абалда күн кечирип келишүүдө. Балдарды бир аз чек арага жакындап коюшса нары алып кирип кетишкен учурлар да көп болот.
Эң башкысы, Лейлек районундагы чек арага жакын Сада деген айылда 10 гектар жерди тажикстандык тажик жарандар ээлешип, алар ал жерге үй салып, бак-дарактарды тигип алышкан. Ошол эле айылдын тургундары электр энергия боюнча Тажикстанга көз каранды. Ал эми айылдар ортосундагы жолдордун акыбалы такыр эле болбой калган, - деген депутат айым бул маселелерди анда отурган өкмөттүн өкүлүнө билдирип, аларды тезинен чечип берүүсүн тапшырды.
Булак: NazarNews.kg