www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде 10 жетим балага турак-жай куруу үчүн жер тилкеси берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жетим балдарга жана атаэнесинин кароосунан ажыраган балдарга турак жай же жер тилкеси кезексиз берилиши керек.

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан жетим балдардын укуктарын коргоого багытталган мыйзам талаптарынын аткарылышы боюнча Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимге сунуш келтирилген.

Прокуратуранын сунушун кароонун жыйынтыгы менен 10 жетим балага жер тилкелери берилген:

- Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан 3 балага (А.у.У., П.А., Т.Б.),

- Суу-Башы айыл өкмөтү тарабынан 2 балага (Б.у.Э., К.Ж.), 

- Ак-Татыр айыл өкмөтү тарабынан 5 балага (И.у.А., Ү.к.Т., И.к.К., Т.Н., И.Э.),

Прокурордук сунуштун негизинде «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалы тарабынан укук күбөлөндүрүүчү документтер акысыз жасалып берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости