www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Боз айылынын тоосунда жайгашкан өз алдынча көмүр казуучу шахтада бир жаран газга ууланып каза тапты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 20-майда “112” кызматына аталган шахтага (9-забой) газ толуп, ичинен бир эркек киши чыга албай калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Куткаруу ишин жүргүзүүгө ӨКМдан 6 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар аталган жарандын сөөгүн забойдун 90 метр тереңдигинен алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен.