www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде киши колдуу болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун бир тууган эжеси Дарика Калыкова сотттордун адилетсиздигин билдирип чыкты.

“Көп адамдардын фамилиялары, фактылар айтылып жатат, бирок аларды протоколго киргизбей, «Мелис көргөзмө бербей жатат» деп туура эмес маалымат таратып жатышат. Биз келтирген 147 өтүнүчтөн 137си канааттандырылган жок. Кыйноо боюнча иш козголгон жок. 20 саат мыйзамсыз кармалгандыгы боюнча иш облустук деңгээлде эле жабылып жатат. Биз экспертизанын жыйынтыгына макул болбой, комиссиялык экспертиза өткөрүүнү сунуш кылдык, бирок ал сунуш да четке кагылды. Экспертиза «жалаң эле Мамажакыпов ичкен, калгандарынын каны таза чыккан» деп жатат. Буга эми кантип ишенсе болот?”- деп айтты ал.

Прокурордун өлүмү боюнча кийинки соттук отурум Ош шаардык сотунда 7-майда уланат.

43 жаштагы Баткен облустук  прокурору А.Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда табылган. Буга шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда, ал Ошто тергөө абагында жатат.  

Булак:Nazarnews.kg

Последние новости