www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Брянск шаарынын тургуну Наталья атасын көп жылдан бери издеп, аны Нарын облусунан тапкан. Бул тууралуу Натальянын Кыргызстандагы иниси Чыңгыз Абыкеев билдирди. Анын айтымында, Натальянын атасы Ишенбек Абыкеев Нарын районунун Миң-Булак айылында 1964-жылы туулган. Ал Россиянын Брянск шаарында аскердик кызматын өтөп жүргөндө жергиликтүү тургундун кызы менен таанышып, аны менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн. Бирок андан кыздуу болгонун билген эмес. Ишенбек Абыкеев аскерден кайтып келгенден кийин үй-бүлө куруп, бир уул, үч кыздуу болгон. Улуу баласы Чыңгыз Абыкеевдин айтымында, атасын көп жыл бою издеп, араң тапкан Наталья бир туугандарын дароо үйүнө чакырып, 2018-жылды бирге тосушкан. Өзү Кыргызстанга келип, бул жактагы сиңдисинин тоюна да катышып кеткенге үлгүрдү. «Атам Брянск шаарында 1982-1984-жылдары аскердик кызматын өтөгөн. Наталья 1985-жылы төрөлүптүр. Тилекке каршы, 6 жашка чыкканда апасы каза болуп калыптыр. Ал өлүм алдында "сенин атаң кыргыз, аты-жөнү Абыкеев Ишенбек Шаршеевич. Кийин чоңойгондо аскер бөлүгүнө барып, архивден издеп тап" деп айтып кетиптир. Наталья таенесинин колунда калып чоңойгон, кийин ал да дүйнөдөн өтүп кетиптир. Көп кыйынчылыкты башынан өткөргөн Наталья атасын табам деп үмүтүн өчүргөн эмес. Кийин издеп, аскер бөлүгүнө барса Абыкеев Шейшенбек Шаршеевич (паспорттогу аты ушундай болчу, бирок чын аты Ишенбек), дареги Кыргыз ССРи, Мин айылы (Тянь-Шань району, Миң-Булак айылы деп толук жазылбай калган) деген маалымат бериптир. Анан Ишенбек эмес, Шейшенбек турбайбы деп издеп баштаптыр. Москвага барган сайын ал жактагы кыргыздардан сурап, табууга аракет кылганы менен майнап чыккан эмес. Россиянын Биринчи каналынын "Жди меня" программасына кайрылып да таба албай коюптур. Кийин "Одноклассники" социалдык түйүнү аркылуу "Кыргызстан, Абыкеев" деп издеп, Абыкеев деген 30га чукул адамдын баарына жазып чыгат. Ошентип жүрүп 2017-жылы октябрь айында Нарын шаарында аскер кызматында иштеген Темирбек Абыкеев деген байкеге жазып калат. Аны менен таанышып, өз тагдырын баяндап берет. Ал "Мин деген айыл жок эле" деп, Миң-Булак айыл өкмөтүндө иштеген карындашына телефон чалып сурайт. Карындашы атамды тааный турганын айтып, телефон номурун алып бериптир. Темирбек Абыкеев атамды өзүнө чакырып, "кызың бар экен" деп айтса шок болуп калыптыр. Андан кийин Натальяга сүйүнчүлөп, видеокамера аркылуу атасы менен кызы көрүшүптүр. Эжем "мен жашоонун көп кыйынчылыгынан өтүп, сизди таптым ата" деп ыйлап Россияга үйүнө чакырыптыр», - деди Ч.Абыкеев. Чыңгыз Абыкеевдин атасы аялына кызы бар экендигин кантип айтарын билбей, бир аз убара болгон. «Атам үйгө кирип эле "жүр балам, үстүңкү кабатка чыгалы, сөз бар эле" деди. Чыксам "Чыке, эми сен үйдүн улуусу болбой калдың, эжең бар экен" деди. Мен таң калып эле "кандайча?" деп сурасам, "балам мен аскерде кызмат өтөп жүргөндө 5-6 жолу шаарга чыкканбыз. Бир орус кыз менен сүйлөшчүмүн, боюна бүтүп калыптыр. Эжең бар экен" деди. Мен күлүп, "эжем бар болсо кайра жакшы да" деп сүйүнсөм, "эми апаңа кантип айтабыз?" деди. "Окуя сиздер баш кошконго чейин болуп жатпайбы" дедим. Ал убакта апам Бишкекте болчу. Биринчи карындаштарыма айттык. Алар апама айтса, "эми атаңар жөн жүрбөйт да, эмне кылмак элек, кайра жакшы болгон турбайбы" дептир. Жолугуп келсин деп уруксат да берди. Баарыбыз акча чогулта баштадык (күлүп). Апам да пенсиясын берип, кызга деп эт, майда-чүйдө салды. Атамды эки айдан кийин жөнөттүк. Атам менен бирге аскерде чогуу болгон досу жана карындашым Диана болуп үчөө барышты. Наталья "атам келет" деп үйүн оңдоп-түзөп, аябай даярданыптыр. Эжем белоруссиялык жигитке турмушка чыккан экен, ортодо бир баласы бар. Эжем бизге аябай окшош. Мурду Шарше чоң атамдыкына куюп койгондой. Атамдар бир жума жүрүп, жаңы жылды ошол жактан тосуп келишти», - деди ал. Кара тору келген Натальядан окуучу кезинде мугалимдер улутун сурашса «менин атам кыргыз» деп жооп берчү экен. «Өзүм өткөн жылдын жай айында Москвага футбол чемпионатына баргам. Ошондо үйүнө барып учурашып келгем. Москвадан ары 300 чакырым, поезд менен үч саат жол жүргөм. Окуучу кезинде улутун сурашса Наталья "менин атам кыргыз" деп койчу экен. Бир эле таежеси калыптыр. Атамды тапсам деп көп кыялданчу экен. Биз Кыргызстанга чакырсак, шартка байланыштуу келе албай жаткан. Анан Диана карындашымдын тоюнун шылтоосу менен бир бөлөсү экөө ушул жылдын 21-апрелинде келип, бир жума жүрүп кетишти. Мекенибизди көрсөтүп, андан кийин Нарындагы өзүбүз жашаган үйгө алып бардык. Коңшулар чайга чакырды. Атам өзү 11 бир тууган. Алар бала-чакасы менен үйлөрүнө конокко чакырса "туугандарым көп турбайбы" деп сүйүндү. Карындашымдын тоюна катышты, эртеси кудага алып бардык. 5-6 жолу эт тартышса таң калып, бир жылдык этти жеп салдык деп күлдү. "Тойго 250 адамды каяктан табасыңар?" деп сурады. Аларда көп болсо 50 киши болот тура, өз алдынча ичип-жеп, ойноп тарап кетишет экен. "Ар бирин дыкаттык менен уюштуруп, сыйга жакшы экенсиңер" деп калды. Көрсө кыргыздарды такыр башкача элестетип келген экен. Ысык-Көлдү көрсөм деп жүрчү экен. Алып барсак аябай суктанып, айтып бүтө албай кетти (күлүп). Эң кызыгы атам, чоң атам, бабам соодагер болушкан. Наталья да күйөөсү экөө Москвадан кийим алып, аны Брянскиде сатып оокат кылышат экен. Арзаныраак экен деп, бул биздин Бишкектеги "Дордой" базарынан да эки чемодан кийим алып кетти. Эми жайында үй-бүлөсү менен келебиз деди. Узатып жатканда "атамды жакшы кара, анын башы ооруйт, дарылансын. Эгер акча керек болсо жөнөтөм" деп мени да ыйлатты», - деди Ч.Абыкеев.

Булак:Турмуш

Последние новости