www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызыл-0мполдогу уранды казуу маселесин бул бийлик кылымдын трагедиясына айлантып жибергиси келди. Бирок эл деген эл да. Андайга жол бербей, бийликтин тизгинин тарттырып койду. Бирок уран маселесине биротоло чекит коюлду деп ай-тууга али эрте. Себеби, уран казмакчы болгон "ЮрАзия" компаниясы чалгындоого 271 миллион сом сарптаганын айтып, бийлик болсо дагы да чоң киреше түшмөк деп, көзүн жылтыратып, айла жок артка кетенчиктегенсип турат. Эгер бийлик үчүн бир аз эле мүмкүнчүлүк түзүлсө анда Кызыл-Омполдогу эле эмес, Кыргызстандын кайсыл жеринен уран чыкса, ошонун баарына лицензия берип, каздырууга даяр турат. Бийликтин андай максат-аракети бул ирет даана байкалып калды.
Экологияны сактоо маселеси боюнча өкмөткө караштуу эки чоң мекеме иш алып барат. Алардын бири Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция болсо, экинчиси курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги. Мына ушул эки мекеме эң ириде экологиянын кандай бузулуп жатканын, экологияга зыян болбосун деген маселени ар бир адамдын көкүрөгүнө кыттай куюуга милдеттүү. Тилекке каршы, аталган мекемелер өз милдеттерин так аткармак түгүл, Кыргызстандын экологиясын, айрыкча, Ысык-Көлдү талкалап, туристтерди качыра турган Кызыл-Омполдогу уран казуу маселесине каршы чыгууга жарабай, тескерисинче билек түрүнө киришип, элге "зыян болбойт, акыркы технология менен казылат" дегенди айтып, жанын сабап жатышты. Негизи токой чарба агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамовдон мурун, Мамэкотехинспекциянын жетекчиси Жолдош Жунушов ушул уран маселесинде катуу туруп, экологияга зыяндуулугун жеткиликтүү түшүндүрүп бериши керек эле. Бирок Жунушов деген бул кызматка келгенине 1 жыл болуп калса да, бул убакыттын ичинде эмне иш кылганы белгисиз, башканы кой өзү жетектегең мекеменин бюджет маселесине толук кандуу жооп бере албай,
какап-чакап жатса, уранды кайдан түшүнөт эле. Бул адам алко магнат Шаршенбек Абдыкеримовдун аркасы менен мурун өзүнүн түшүнө кирбеген "майлуу" кызматка келип калганына эмгиче эйфория болуп, ошол абалдан чыга албай жүрсө керек.
Эл анча биле бербеген бир кызык фактыны айталы. Кыргызстанда ядро жана радиация коопсуздугу боюнча бир гана башкармалык бар. Ал ӨКМде эмес, Токой чарбада дагы эмес, дал ушул биз сөз кылып жаткан Мамэкотехинспекцияда. Статусу чоң бакыйган бул башкармалыкта 7-8 адам иштейт экен. Башкармалыктын башчысы мурунтан чоң кызматтарда иштеген Исаков Марат деген аксакал. Аксакал эмей эмне, 70 жашты желкелеп турса. Бул адам өкмөт башчынын жердеши, анан калса катышы бар санаалашы экен. Исаков убагында ӨКМде министрдин орун басары болуп иштеген. Азыр башкармалыкта кыйраткан иши жок, өкмөт башчыга таянып алып, чет өлкөлөп эле жүрөт экен. Болбосо, кыргызга чындап күйгөн адам болсо, уран казууда радиациянын көлөмү абдан көбөйүп, экологияга катуу сокку болорун айтып чыгышы керек эле го. Көрсө, андайга жарабаган, өзүн гана ойлогондордун бири турбайбы. Бул башкармалыкты Жунушовдун орун басары Расул Артыкбаев деген көзөмөлүнө алып келген. Бирок бул адам деле өз милдетин так аткарбагандардын бири экени дал ушул уран маселесинен улам байкалды.
Эл көп билбеген дагы "бир кызык жагдайды айта кетели. Мамэкотехинспекциянын директору Жунушовдун орун басарларынын бири - Жусуев Болот Аманович Жээнбековдорго күйөө бала экени айтылып келет. Кыскасы, бул бийликтин туугандашы саясаты жакшы эле өөрчүп баратат. Кырктын кырындагы Жусуев бута чейин Мамэкотех-инспекциянын же болбоду дегенде Мамлекеттик курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба агенттигинин эки тизгин бир чылбырын алам деп жулунуп жүргөнүн ЖМКлар жазып чыгышкан. Өкмөт, бийлик уран маселеси боюнча биринчи кезекте Мамэкотехинспекциянын тиешелүү жетекчилерин жоопко тартышы керек болчу. Бирок кайдан, өздөрү кошо аралашып жүрсө...
Азамат БУСУРМАНОВ
Булак: Багыт.кж