www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмне атка минерлер камак десе эле ооруп калышабы же чын эле атка минерлер оорукчанбы? Батукаевди бошотууга активдүү катышкан ал кездеги Башкы прокурор Аида Салянова камакта жатып ооруп калса, ал кездеги ЖАМКтын ачендиги, аны узатууга узанып киришкен Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын реанимиция бөлүмүндө жатып калды. Эгер Батукаев боюнча суракка барбаса анда оорубай эле ойноп жүрмөк беле? Анын ден-соолук абалы туруктуу оор деп дарыгерлер айтууда, ден-соолугу бузук үч күндөн кийин өлөт деген Батукаев алты жылдан бери өлбөй эле оюн салып жүрөт го? Рыстын ооруканада канча убакыт кала тургандыгы азырынча белгисиз. Ал эмес жакын арада консилиум өткөргөнү жатат. Зарылбек Рысалиевде 2015-2018-жылдары башынан өткөргөн ишемиялык инсульт менен катар кант диабети жана жүрөктүн коронардык оорусунун айынан пайда болгон оор түрдөгү гипертониялык энцефаталогия, гипертониялык криз табылган. Эх дарыгерлер керек кезде дартты табууга мыктысыңар. ИИМдин жана ЖАМКтын мурдагы башчысы, парламенттин депутаты Зарылбек Рысалиев 7-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы тууралу иш боюнча ИИМдеги сурактан кийин ооруканага жаткырылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости