www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Кризистен чыгуу үчүн биздин алтын кендерден кандай мүмкүнчүлүктөрдү пайдалансак болмок?

- Акыркы жылдары өлкөнү башкарган интеллектуалдык элита мурдагы президенттердин артында калган экономикалык жана башка кризистен алып чыга алган жок. Эмне себептен? Кыргызстанда бардыгы бар болчу. 40тан ашуун келечектүү алтын кен, тоо дарыяларынын чексиз агымдары, кубаттуу ГЭСтер, Советтер союзунда курулган заводдор жана фабрикалар, арзан жумуш күчү, адамдык потенциал жана башка.

Жалпылап айтканда, бизде өлкөнү кризистен чыгаруу үчүн чечкиндүү чараларды көрө албаган, өлкө башында ар дайым алсыз лидерлер болду. Эл аралык эксперттер: «Кыргызстан мамлекеттик көз карандысыздыкка ээ болуп, эл аралык финансы институттарынын жана донор өлкөлөрдүн жардамысыз жашай албайт, өнүкпөйт», - деп айтат.

Мисалы, чет өлкөлүк компанияларга өткөрүлгөн 27 алтын кенинин баарын ирээтке келтирүү бизди ойлонтпойт. Кеп Кемин районундагы Талды-Булак Левебережныйдан башталып, Чоң-Алай районундагы Кара-Казыкка чейин созулган алтын кендери жөнүндө болуп жатат. Борбор Азиянын дээрлик бардык алтын кендери бизде жайгашкан. Өлкөбүз 1984-жылдан бери курулуп жаткан кичинекей Камбар-Ата-1 ГЭСин бүтүрө албай, бизге керектүү болгон электр энергиясын Казакстан, Тажикстан жана Түркменстандан сатып алганы жатат.

- Кечээ эле биз энергияны жетиштүү алчу элек, бүгүнкү абалчы?

- Ооба, жетиштүү алып, өзүбүздун электр энергиябызды Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнө жеткирип турчубуз. Бийлик элитасы 2016-жылдын январында Россия Федерациясынын кредиттик акчасына курулуп жаткан Жогорку Нарын ГЭС каскадынын жана Камбар-Ата ГЭСинин курулушун токтоткон.

Акыркы убакта: «Чын эле биз Чүй өрөөнүндө кызылча өстүрүү иштерин кайра жанданта албайбызбы? Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолун Россиянын темир жолдор компаниясы менен курууга Россия өкмөтүнөн кредит алып, анын астында 50 миңден ашуун жараныбыз жана ондогон ата-мекендик завод иштей албай турган деңгээлде эмесмипизби?» деген жоопсуз суроолор кыйнайт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости