www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектеп. Кайрадан карантин!

КРнын биринчи саламатык сактоочусу А.Бейшеналиев өткөндө коронавирус ноябрь-декабрь айларында жаңы толкун толкутаарын «көзү ачыктык» кылып айтып, бир далайыбыздын үрөйүбүздү учурду эле.

Министрдин ошол «чудо» билдирүүсүн дагы бирлерибиз шайлоо алдындагы «шакаба» катары да кабыл алганбыз. Ошенткен менен, азыр аба-ырайынын кескин өзгөрүп кеткениненби сасык тумоолоп калгандардын саны да калыңдай түшкөнүн инфекционисттер айтууда.

Айтмакчы, бүгүнтөн тарта борборубуздун ортосунда жайгашкан №67 мектеп-гимназиясы азырынча (18-октябрга чейин) толугу менен карантинге жабылды. Анын себеби - «карала вирус» илдети ал мектептин окуучуларынын да, мугалимдердин арасынан да чыканы себеп болгонун мектеп-гимназиянын ата-энелер тобу билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости