www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Google жана Yandex Кыргызстанда салык төлөй баштайт

Кыргызстанда жарандарга жана жергиликтүү компанияларга электрондук кызмат көрсөткөн, бирок өлкөдө жайгашпаган компаниялар үчүн кошумча нарк салыгын төлөө боюнча жаңы режим киргизилет. Бул тууралуу экономика жана каржы министринин орун басары Бекболот Алиев маалымат жыйынында билдирди.

Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна киргизилген өзгөртүүгө ылайык, Google жана Yandex сыяктуу компаниялар салык төлөөгө милдеттендирилет. 

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, "Яндекс такси" кызматы да бул мыйзамга ылайык салык төлөйт. "Электрондук соода тармагындагы иштер үчүн атайын салык режими да киргизилүүдө", - деп билдирди мекемеден.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости