www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясат илимдеринин доктору, доцент, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси Азамат Teмиркулов менен маек.
- Былтыркы октябрь айындагы саясый окуялардан кийин эмне өзгөрдү?
- Албетте, мамлекеттин эң негизги мыйзамы болгон Конституция алмашты. Мунун артынан өлкөдөгү саясый система, парламенттин, президенттин ролдору дагы өзгөрдү. Бирок, Конституция - жөн эле кагаз бетине жазылган сөздөр.
Ал эми мыйзам иштеши үчүн адамдар, мамлекеттик органдар өз жумушун, турмушун Конституциянын алкагында уюштуруп, жүргүзүшү абзел. Система - бул кагаз бетине жазылган текст эмес, аны адамдар түзөт.
Ошондуктан, азырынча былтыркы октябрь окуяларынан кийин жарандардын жашоосунда, мамлекеттин ичинде кардиналдуу түдө бир нерсе өзгөрүп кетти (1) деп айта албайм. Себеби, ошол эле адамдар мурунку саясатын жүргүзүшсө, өзгөрүүлөр кагаз бетинде кала берет.
Адамдар алмашып, жаңыча саясат система түзүлгөндө гана өзгөрүү болорун айта алабыз. Ноябрдагы Жогорку Кеңештин шайлоосунан кийин эле жаңы система түзүлдүбү-жокпу көрөбүз. Парламентке жаңы адамдар келдиби, жаңыча ой жүгүртүү, башкача иш-чаралар болуп жатабы же мурункудай абал орун алабы? Ушул суроого жоопту күздө өтө турган шайлоодон кийин алабыз деп ойлойм.
- Былтыркы парламенттик берки окуялар элдин аң-сезимине кандай таасир этти?
- Бизде 30 жылдын ичинде өзүнчө бир катмар түзүлүп калган. Алар бири-бирине куда-сөөк, өкүл бала, өкүл ата, аяш ата, аяш эне, ошондой эле бири-бирине душман, интрига жасап, атаандашкан, таарынуу сыяктуу эки түрдүү абалда жүрүшөт.
Ушул саясый элитадагылардын бирөөсү бийликке келсе, тегерегине туугандарын, куда-сөөктөрүн кызматка коёт, экинчи жагынан душмандарын жактырбай, атаандашып жүргөн адамдарын камап, коркутуп-үркүтүп, качырып келишет. Муну менен өзүнчө бир сыйкырланган айлампага түшүп калдык.
Анткени булар жеке мамилелерин саясатка айландырып, кыргыз элинин баарын жеке конфликттерине батырып салышты. Ошон үчүн 30 жыл ичинде түзүлгөн саясый элита өлкөнү өнүктүрө албайт.
Себеби, булардын ойлорунун бардыгы - кантип өз душманына жол бербей, бийликти тарттырып жибербей сактап калуу. Кайсы тарабын алсак деле: эски саясый элита, бийликтегилери, оппозициядагысы айырмасы жок. Болгону мансапта көбүрөөк отуруу максатын көздөшөт. Ошондуктан бири-бирин душман тутпаган, бут тоспогон, жаңы көз караштагы элита келмейинче, мамлекетте өнүгүү болорун айта албайм.
- Бир жыл ичиндеги тышкы саясаттагы ордубуз кантип калды?
- Азыркы эл аралык кырдаал абдан оор. Биринчиден дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн глобалдык деңгээлдеги коопсуздук системысы урап жок болуп жатат. Анын ордуна жаңы дүйнөлүк система түзүлүүдө. Бир жагынан АКШ менен Улуу Британия жана Австралия бир чоң масштабдагы аскерий саясий блок түзүшсө, ошол эле мезгилде НАТОнун ролу регионалдык деңгээлде төмөндөп кетти.
Биздин аймакта дагы Афганистанга карата коопсуздук көйгөйлөрү көбөйүүдө. Ошондой эле мурунку конфликттер азыр кайрадан козголуп баштады. Мисалы, кайра эле Афганистан, Тоолуу Карабах, Украинадагы конфликттердин фонунда биздин тышкы саясат дагы көп көйгөйлөргө учурады.
Ушундан улам «кээ бир өлкөлөрдүн бизге болгон мамилелери үуз эмес экен» деген ойлордун пайда болушуна негиз түзүп койду. Албетте, бул биринчи кезекте Тажикстандын бийлиги жана Рахмон. Алардын Кыргызстанга көрсөткөн агрессиясы бизге болгон мамилелердин биринчи көрсөткүчү.
Экинчиден, бидин стратегиялык өнөктөшүбүз Россия-Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы окуяларга эч кандай билдирүү жасаган жок. Эки мамлекеттин бийлигине кайрылуу жолдоп, жаңжалды токтотууга аракет көрбөдү.
Мындай мамиле ошондон бери эле чоң суроолорду жаратып келет. Эмне себептен биздин стратегиялык өнөктөш Россия үн каткан жок? - дешүүдө. Ушундай эл аралык өзгөрүүлөр болуп жаткан оор абалда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн суз мамилеси ойлондурбай койбойт...
Булак: Азия News гезити