www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку заманда оолуккандар чачырай баштады. «Альянс» партиясы «Бир бол» партиясынын жетекчиси Сулайманов Алтынбектин депутаттыгын ЖКга түртүп жатат, демек «Бир бол» омийн болду. Жөөттөр бийлеген Америкага жөөт Мишустин менен Сулайманов лыпылдап кирип турушса, дагы бир суроо жаралат экен. «Сулайманов жөөт эмеспи?» - деген.

Ата-тегин сүрүштүрө келсек ал жөөт деле эмес. Бирок, акча жагына келгенде ал жөөттөрдөн ашса жашат, арийне, кем калбайт. Бир тыйындын артынан тоголонуп кеткен «чык татытпас чыныбайлыгы» «Бир бол» экөөнү ушул даражага жеткирип атпайбы.

Болбосо, советтик кенен заманда эл сыяктуу турмушта жашашкан Алтыкең эсепсиз байлыкты кантип топтоп алды. Же ар кимдин тумшугун каңдап жүрүп топтоду беле? Же Исхак Масалиевдей күркүл аталары жок болсо. Негизи барып Сулайманов менен Баобабпульпанын ата-теги бир десек деле болчудай.

«Манаста»: «Бири кетти Алтайга, бири кетти Каңгайга, бири кетти Эренге, бири кетти тереңге» -айтылат эмеспи. Ошол жер түбүнө түшүп кеткен инк туугандарыбыз Беринг кысыгы аркылуу Америка континентине өтүп кетип жатышпайбы.

Инктердин улуу жол башчысы «Күндүн улуу» Баобабпульпа өзүн боштондукка чыгаруу үчүн испандык конкистадор Кортеске 5 млн 720 миң грамм алтын берет. Ал берген алтындар өзү туткунда отурган бөлмөгө жык-жыйма толгон экен.

Ошол мезгилде эле бул оңбогондой акча болсо, бүгүнкү күндө эсеп жеткиз байлык болмок. Мындайча эле эсептеп көрсөңүздөр болот. Адамзат алтынды колдонгондон бери алты миң жыл ичинде болжол менен жүз миң тонна гана алтын казылып алыныптыр. Бүгүнкү күндө 40 миң тоннадай алтындын запасы бар экен.

Боксер Сулаймановдун тууганы Баобабпульпа өзүнүн башын куткарып алуу үчүн элинен миллиондогон грамм алтынды чогултса, Сулайманов парламентте жүрүп элинен сыгып алган миллиондогон сом менен башын ала качып кетип атпайбы. Башын ала качпагандар деле жашап жүрүшпөдү беле.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости