www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик бажы кызматы Абхазиянын номери менен өлкөгө убактылуу алып келинген жана Кыргызстандын аймагында каттоого расмий тургузулбаган автоунааларды сатып албоого жана колдонбоого чакырат.
--"Абхазиянын номери тагылган транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жана Кыргызстандын каттоо органдарына алгачкы каттоого тургузмайын айдоого болбойт. Убактылуу алып келинген автоунааны ЕАЭБдин аймагында декларант (автоунааны алып келген тарап) гана пайдалана алат", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин рейд жүрүп, Абхазиянын мамлекеттик номери тагылган автоунаалар айып короого киргизилген.
Андан соң алардын ээлери бул жерде мыйзам бузуу болгонун билбегенин, айрымдагы насыя алып машина сатып алганын айтып митингге чыгышкан.
Бажы кызматынан түшүндүрүшкөндөй, автоунаалардын айып короого коюлушуна ЕАЭБдин аймагынан транспортту убактылуу киргизүү шарттарынын бузулушу себеп болгон. Анткени Абхазия ЕАЭБге үчүнчү өлкө катары сатууга транспорт алып кирип жатканда атайын декларациясын толтурушу керек болчу. Бирок ал толтурулбай, транспорт убактылуу гана киргизилип жатканы айтылган. Ал эми убактылуу киргизилген автоунааны башка бирөөгө берүүгө же сатууга мыйзам жол бербейт.
Булак: NazarNews.kg