www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык студенттерге Орусияга кирүүгө уруксат берилди

Эпидемиологиялык абалы жакшы өлкөлөрдөн келген чет элдик студенттерге Орусиядагы университеттерде окуусун улантууга уруксат берилди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигине шилтеме берүү менен басылмалар жазды.

"Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн буйругу менен чет өлкөлүк студенттерге, аспиранттарга, резиденттерге, даярдоо факультеттеринин студенттерине Орусияга окуусун улантуу үчүн кайтып келүүгө уруксат берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, "Роспотребнадзор" тарабынан коопсуз эпидемиологиялык абалы бар өлкө катары сунуш кылынган өлкөлөрдүн жарандары гана Орусияга окуу үчүн кире алышат. Учурда Кыргыз өлкөсү, Абхазия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Вьетнам, Греция, Египет, Индия, Казакстан, Катар, Куба, Мальдив аралдары, Бириккен Араб Эмираттары, Сейшел аралдары, Сербия, Сингапур, Танзаниядан, Түркия, Финляндия, Швейцария, Эфиопия, Түштүк Корея, Түштүк Осетия, Япониядан келген чет элдик студенттер окууларын уланта алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости