www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишемби күнү Украинанын президентинин кеңсесинин жанында митинг орун алып, анда активисттер имаратка боёк чачып, эшикке өрт коюуга аракет кылышкан. Киев полициясы бул иш-чараларды бейбаштык деп мүнөздөгөнүн чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Одессадагы "Правый сектор" коомунун экс-башчысы, адам уурдоо үчүн жети жылга кесилген Сергей Стерненкону колдоо митинги ишемби күнү өткөн. Митинг учурунда демонстранттар от жагып, жарылуучу заттарды ыргытышкан. Ошондой эле алар президенттин иш бөлмөсүнүн эшигин бузуп, имаратка боёк чачышкан.

"Митинг учурунда мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаганы үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери агрессивдүү катышуучулардын бирин кармашты. Бул Винница аймагында 1995-жылы туулган, мурда кылмыш жасагандыгы үчүн 263-берене ("мыйзамсыз курал-жарак, ок-дарылар же жарылуучу заттар менен иштөө") менен жазага тартылган адам. Ал Украинанын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 208-беренесине ылайык кармалган", - деп билдирген полиция.

Печерск шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Берененин санкциясы жети жылга чейин эркинен ажыратууну карайт.
Буга чейин, 23-февралда Одессанын Приморский райондук соту Стерненкону адам уурдоо жана тоноо боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүнүн жарымын конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыраткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости