www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу КРнын расмий сайтына маалымат чыкты.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган.
Мыйзам «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимине, Бажы бирлигинин Бажы кодексине, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуусу жөнүндө эл аралык келишимине ылайык келтирүү максаттарында кабыл алынган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Булак: NazarNews.kg