www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бажычылар эки тоннадан ашык аткезчилик күрүчтү кармашты

Баткен бажысынын кызматкерлери республикага аткезчилик жол менен күрүчтү алып кирүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Раззаков-Баткен-Ош унаа жолунун Баткен районунун аймагындагы Кыргызстандын жараны башкарып бара жаткан Мерседес-Бенц 518 үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Жүк салуучу бөлүгүнөн текшерүү учурунда ар бири 24 килограммдан 120 кап күрүч табылган. Жүк бажыдан өткөнүн тастыктаган эч кандай документтери жок болгон.

 
Кармалган жүктүн жалпы салмагы 2 тонна 880 килограммды түзгөн.

Жагдайлар такталып, маселе маңызы боюнча чечилгенге чейин машина жана товар сактоого жөнөтүлөт. Топтолгон материалдар Баткен бажысынын бажылык иликтөө секторунда каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости