www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уюшкан кылмыштуу топторду каржылап жаткан саясатчылар кимдер?,- деген суроону Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо ИИМ министринин орун басары Нурбек Абдиевге салды.

Нурбек Абдиев учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын, тергөө бүткөндөн кийин гана маалымат бериле турганын белгилеп, төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Бул боюнча маалымат бербесек, "жарандар бизге кылмыш иши козголуп, кылмыш жообуна тартылышыбыз мүмкүн" деп кайрылышат. Бул дагы алдын алуу чараларынын бирине кирет. Ошондуктан биз жарандарга "уюшкан кылмыштуу топторго аралашпагыла, алар менен бизнес жүргүзбөгүлө" деген эскертүүлөрдү берип турушубуз керек", — деди Абдиев.

Эске салсак, ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев буга чейин "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында айрым ишкерлер, саясатчылар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен мамиледе болуп, аларды каржылап, чогуу ишкердик жүргүзүп жаткан тууралуу маалымат бар экенин айткан болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости