www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов кармалганы кабарланууда. Бул тууралуу Азербайжандын “Новая эпоха”интернет-порталына таянып "Азаттык" жазып чыкты. Андагы маалыматка караганда, Жунусов Азербайжандын борбору Баку шаарында аэропорттон колго түшкөн. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) азырынча бул маалыматты расмий ырастай элек.

Башкы прокуратура июль айында Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарына "мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгогон жана анын негизинде 18-августта Адамкул Жунусовго сыртынан айып коюлган.

Жунусов "2013-2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп турганда аталган мекеменин башка адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган" деп айыпталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости