www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист Бейшенбек Бекешов агабыз быйылкы мамлекеттик сыйлык алгандарга купулу толгонун билдирип, айрым кишилердин атын атап, «Фейсбук» баракчасына аксакалдык сөзүн төмөндөгүдөй жазыптыр:

—Бул биринчи кезекте, менин жыйырма жыл өмүрүм кеткен УТРКнын, алты жыл эмгектенген ЭлТР каналынын, азыркы иштеген жерим жана сыйлыкка сунуш кылган НьюТВ каналынын наамы.

Ошондой эле, мага отуз жыл бою санаалаш болуп сүрөп турган эл-журттун, анан да кайран бейиши болгон атам менен энемдин наамы. Менин азын-оолак эмгегимди баалап, ушул жолу жашыл жарык күйгүзгөн бийлик эгелерине ыраазымын. Менин баамымда, эл башкарам дегендерде адам кадырын билүүдөн бийик милдет болбоого тийиш. Кадыр билген кадыр табат. Кадыр билбестер эмне таап жатканын башы иштегендин баары көрүп турат.

Президентибизге менин эле эмес, бүгүнкү сыйланган топтун эле эмес, бүтүндөй эл-журтубуздун кадырына жеткен Манастай эл башы болуу насибин тилейм. Менин бүгүн айрыкча кубанганым - сыйлангандардын көбү мугалимдер экен. Эл унуткан, мамлекет унуткан, бейбаш бала-бакыра тебелеп-тепсеген мугалимдер экен. Наамды ошолор менен канатташ алганга сыймыктандым. Береги, мени менен сүрөткө түшкөн Токтомурат Осмоналиев деген инсан кыргыз обондорун комуз менен аранжировкалоонун атасын тааныткан жападан жалгыз нукура талант. Концерт коюп миң сом тапса, ошол жерге эки миң сомдук чапанын унутуп кеткен апендилигин аңыз кылышчу. Ошентип жүрүп, эмгек стажы 47жыл болуптур. Наамды мына ушул тирүү залкар менен катарлаш алганга сыймыктандым, Манас орденине Роза Айтматова эжебиз татыса, анын жанында олтурган Айымкан Жаманкулова эжебизге Маданиятка эмгек сиңирген ишмер деген наам 82 жашында ыйгарылды. 62 жылдык эмгек стажы бар экен. Он кишинин жумушун жалгыз аткарып, күнү-бүгүнкө чейин жаштар менен тең жарышып иштеп келет. Унутта калган, б.а. ушу кишиге окшоп сыйлык сатчуларга пайда-батасы жок толгон киши жүрөт бул топто. Наамды ушулар менен алганга сыймыктандым. Баары тең - адилеттик деген бар экен, акыры эмгегибиз бааланды - дешет. Мекен үчүн, эл үчүн келесоолор гана иштейт деп эсептеген чоңдор сыйлыктардын материалдык жагын жулган тооктой кылып салганын деле билишет. Бирок атын атаса куту суйүнөт, ушуга да шүгүр деп жүрүшөт. Рахмат Президентке, рахмат бизди эстеген азыркы бийликке деп жүрүшөт. Ушундай мээнеткеч жана карапайым эл гана кең пейил, ичиндегиси сыртында, кыпындай кири жок болот. Жегичтер менен жуткучтардын эмес, мына ушундай элдин кадырына жеткен бийликтин гана келечеги кең болот. Ошондуктан, мамлекеттик сыйлыктарга эскиден калган жара, кутулбас куя катары эмес, атайын ойлонулуп багылган мамлекеттик чоң саясат катары мамиле жасалышы керек деп ойлойм - дептир. Биз Бейшенбек агайын өзү менен байланышып, суроо салдык:

—Бейшенбек ага арыбаңыз, өзүңүздүн социалдык түйүндөгү баракчаныздан быйылкы жылы татыктуу кишилер сыйлык алды дегендей пикириңизди билдирген экенсиз, бул чынбы?

—Мага ошондой сезилди. Мен ал жердеги элдин көбүн тааныбайм, өзүбүздүн маданият тармагындагыларды гана билем. Маданият тармагында жөн эле илинип калган кишилер эмес, эмгеги элге синген татыктуу адамдар алды, мындан улам ошондой ойго келдим. Маселен, 82 жаштагы Айымкан эжени эң жакшы билем, ага мурдагы замандарда эч ким сыйлык берген эмес. Ал эми Токтомурат Осмоналиев деген комузчуну сыйлыкка жакын жолотушмак эмес Мына ушул кишилер өңдөнгөндөр жүрдү. Айрыкча мугалимдер жүрдү, оскоол-тоскоол кийимдери менен. Аябай даярданып келишиптир, бирок жетпеген дүйнө кийимдерден билинет экен. Эмгектин түйшүгүнөн аксап, бүкчүйүп калышкандар, кебете-кешпиринен кеткендер жүрдү. Ушулар сыйлык албаганда ким алат? Анан койкоктоп барып, жан-сакчылар сыйлык алган учурларды көрбөдүкпү.

—Өкөндө Кубатбек Жусубалиев сыйлык алганда дагы эл бир сүйүнгөнүн көрбөдүк беле?

—Ии, Жусубалиевге дегеле эч ким бермек эмес. Мамлекет унуткан киши болчу да. Ошол инсанды таап келип сыйлаганы эң мыкты иштин бири болгон. Менимче, сыйлыктар боюнча жакшы бир саясий эрк пайда болду. Бул биринчи жетекчинин кадамы да. Эми ушул ишти мындан ары ийгиликтүү уюштуруш керек. Наам берүү боюнча атайын саясат керек. Илгерки негизин калыбына келтирип, заманбап талаптарын кошумчалоо зарыл. Мамлекет адамдардын эмгегинин акыбетин кайтарып, материалдык бир нерсе бере албаган соң, жакшы сөз менен көңүлүн көтөрүү ишин колго алыш керек. Жакшы сөздүн чоңу ушул. Муну жашыруун комиссиялар менен эмес, атайын ачык талкуу менен отуруп, элдин баары билгендей болушу шарт. Жең ичинен болгондо мааниси кетип калат. Саясий эрк бар экени көрүндү, эми жасай турган ишти жолго коюу милдет. Мурдагы “чоң сөрөйүбүз” тирүүлөрдөн Ш.Дүйшеев менен маркумдардан Т.Эгембердиевди гана тааныган неме болчу да. Аны дагы өзү тааныбай, (Шайлообектин китебин окуганын кудай билет) жанындагы жанжөкөрлөрү жазып бергенби деп ойлойм. Ошондой неме кишинин кадырын билеби? Кыргызда сөз айтуунун өзүнчө наркы бар. Ушундай нарк Манастан бери келе жатат, ошону киргизишибиз керек.

—Мурдагы президенттин тушундагы алешемдиктин чекесин сыйрыдыңыз, ошол маалда наамдар берилгенден кийин нааразычылыктар көп айтылчу. Жансакчы, шопур, эки жыл сахнада жүргөн ырчы менен чоорчуга берди дегендей сөздөр. Эки жылдан бери ушундай сөздөр айтылбай калды окшойт?!

—Ачыгын айтайын, жаңы президент келгенден бери андай нерсени байкаган жокмун. Анан эми, мурдагынын тушунда сыйлыктарга мораторий жасап койгон да. Бул деген - мамлекет, эл үчүн келесоолор гана иштейт дегендин белгиси болду да. Эми сыйлыктар берилбейт экен деп жатсак, аягында очойгон ордендерди жансакчы, шопурларына бербедиби. Бул таптакыр азынап кеткен акмакчылык да. Андан мурун сыйлыктарды ачык эле сатышты. Саткандар жыргаган жок, шүмүрөңдөп суу тумшук болуп жүрүшөт.

Памир Манас

Булак: “De-facto”

 

 

 

Последние новости