www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентти Сооронбай Жээнбеков Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жыл Евразиялык экономикалык Биримдик жөнүндө макулдашууга кол коюлгандыгынын 5 жылдыгы жана евразиялык интеграциясынын идеясынын 25 жылдыгына арналган ири иш-чараларга бай болгондугун белгиледи.

Бүгүнкү күндө ЕАЭБ жаш жана тез өнүгүп келаткан интеграциялык уюмдардын бири болуп, ага мүчө-мамлекеттердин көптөгөн негизги экономикалык көрсөткүчтөрү жакшырып жатканы байкалганын айтты.

Президент Тигран Саркисяндын ЕЭКтеги төрагалык кылган мезгилинде Кыргызстандын ветеринардык көзөмөлдөө системасы жөнгө салынганын, пенсиялык камсыздоо Макулдашуусу боюнча маселе чечилгенин жана евразиялык интеграция маселелери боюнча башка бир катар маанилүү чечимдер каралып, кабыл алынганын белгиледи.

ЕАК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян ал иштеген убакыт ичинде көрсөткөн колдоосу үчүн  Кыргыз Республикасынын Президентине ыраазычылык  билдирди.

Төрага Кыргызстандын ЕАЭБ алкагында көтөргөн демилгелери Биримдикке бардык мүчө өлкөлөрүнүн кызыкчылыгын эске алганын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянды Кыргыз Республикасын Евразия экономикалык биримдигине интеграциялоого жана Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен соода-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Даңк» медалы менен сыйлады.

Эске салсак, ЕЭК Коллегиясынын азыркы төрагасы Тигран Саркисяндын ыйгарым укуктары 2020-жылдын 1-февралында аяктайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости