www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун транспорт жана коммуникация министри Алексей Авраменко 47 жашында каза болду. Бул тууралуу 5-июлда БелТА агенттиги билдирди.

Азырынча министр эмне себептен каза болгону айтыла элек.

Алексей Авраменко 1977-жылы Минск шаарында төрөлгөн. Ал 1999-жылы Беларусь мамлекеттик политехникалык академиясынын бүтүрүүчүсү болгон. Кийинчерээк, 2010-жылы Авраменко Беларусь президентине караштуу Башкаруу академиясында кошумча билим алып, аны артыкчылык диплому менен аяктаган.

2012-жылы министрлер кеңешинин аппаратынын транспорт жана коммуникациялар бөлүмүн жетектеген. 2013-жылдын июль айынан тарта Транспорт жана коммуникация министринин орун басары, 2016-жылдын мартында Транспорт министрлигинин жетекчисинин биринчи орун басары кызматын аркалаган.

2019-жылдын январында өлкө президенти Александр Лукашенконун жарлыгы менен Авраменко транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости