www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ Мүлк фонду "Мега" ишканасын сатыкка аукционго чыгарган. Эрежеге ылайык, сатып алууну каалагандардын баарына эшик ачыктыгын жар салган. Анан эле президент Садыр Жапаров учурунда "Мегакомду ким сатса эл душманы. Жылына 5 миллиард сом киреше берген, алтын жумуртка тууган ишкананы саттырбай коргоп калалы", - деп айтып жүргөндөрү соцтармактага тарап сынга кабылган соң, "Меганы" Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алат, ишкана мамлекетте калат деген обонду созуп башташты. Айтор, менчиктештирүүнүн жолун таба алышпай, түркүн айла-амал колдонушуп бушайман болушууда. 

Дегенибиз, Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын мамлекеттик "Меганы" сатып алуу махинациясы, кайсы бир шылуундардын эле бир тыйын коротпой, мамлекеттин акчасына кирешелүү ишкананы менчиктештирип алууну көздөгөн ыкмасындай туюлат. Же, акча адалдоо зарыл болуп жатат окшойт. 

Болбосо, бир чөнтөгүнөн акчаны алып, экинчи чөнтөгүнө салып, сол колундагы саатты оң колуна таккандан эмне өзгөрөт? Саат башкача  жүрүп калабы? Же башкача убакытты көргөзүп калабы?

Ошондой эле Мамлекеттик өнүктүрүү банкына өткөрүү зарыл болсо, аукционго сатыкка чыгарып шоу кылып, элдин мээсин чайкабай эле кагаз документин юридикалык жактан тууралап эле өткөрүп койсо болбойбу?

«Кыргызтелеком», «Евразия сактык банкы», «Альфа Телеком», «Дастанды» Санарип министрлигине өткөргөндөй эле, кайра эле ал жактан Мамлекеттик өнүктүрүү банкына берип койсун. Аукцион кылып мамлекеттен мамлекет сатып алды кылбай эле...

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес

Булак: NazarNews.kg

Последние новости