www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл алты айдын ичинде 60тан ашык өспүрүм балдар сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 6 айдын ичинде эле 60тан ашык өспүрүм балдар сууга чөгүп кеткен.

Буга байланыштуу, өспүрүмдөрдүн суу объектилеринде болушунун коопсуздук чараларын сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, милиция кызматкерлери тарабынан суу объектилериндеги коопсуздук чаралары, алкоголдук ичимдиктерди ичүүнү алдын алуу, эс алуу жайларында тазалыкты жана тартипти сактоо жана өз буюмдарын кароосуз калтырбоо боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. 

Ата-энелерге балдарды кароосуз калтырууга жол берилбестиги эскертилип, балдарга чоң кишилердин катышуусунда гана сууга түшүүгө болору түшүндүрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости