www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ливиядагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Берлин саммитинин катышуучулары аталган түндүк африкалык өлкөгө курал жеткирүүгө тыюу салууга макулдашты.
Германия канцлери Ангела Меркель 19-январда Берлинде өткөн эл аралык конференциянын жыйынтыгын чыгарып жатып, маселени тынч жол менен чечүү жолунда “олуттуу жылыш” болгонун билдирди.
Саммиттин катышуучулары Ливияга аскердик жактан көмөк көрсөтүүнү токтотууга макулдашты. Документке 16 өлкөнүн жана уюмдардын өкүлдөрү кол койду. Алар узакка созулуп кеткен жаңжал аскердик жол менен чечилбей турганын моюндарына алышты.
Гремания өкмөтүнүн башчысы Берлин конференциясы “узак процесстеги алгачкы гана кадам” экенин баса белгиледи. Жакын арада Ливияда узак мөөнөттүү элдешүү жараяны боюнча сүйлөшүүлөр өтөт. Учурда бул өлкөдө ок атышууну токтотуу режими өкүм сүрүүдө.
Бул үчүн Ливияда жаатташып жаткан тараптардын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлөт.
Ливияда 2011-жылы өлкөнү ондогон жылдар бою башкарган Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери түрдүү куралдуу топтордун ортосунда ич ара чыр-чатак тынчыбай келатат. Негизги тирешүү БУУ тааныган Улуттук биримдик өкмөтү менен генерал Халифа Хафтар баш ийген парламенттин ортосунда жүрүп жатат.
Булак: "Борбор Азия жаңылыктар кызматы"