www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министрлигинин жарыясында өлкөдө борбор шаар София менен катар 10 облустта сасык тумоо илдети күчөгөнү белгиленди. Жарыяда сасык тумоо илдетинен 5 киши каза болгону билдирилди. Бирөөсү жаш бала.
Билим берүү министрлиги да сасык тумоо күчөгөнү жарыя кылынган облустардагы 1074 мектепти убактылуу эс алууга чыгарганын жарыялады.
Борбор калаа Софияда үй-бүлө докутуру катары кызмат кылган Александар Петзов, сасык тумоо илдетине этият мамиле кылуу керектигин белгилеп, «Өзгөчө бала жана улгайгандарга дагы көп жуккан вирус олуттуу компликацияларга себеп болууда»,-деди.
Петзов: «Ооруну этибарга албаган, өзү дарыланууга аракет кылган атуулдар, сасык тумоо көк жөтөлгө айлангандан кийин бизге кайрылууда. Чындыгында шайы ооп, кан басымы жогорулоо жана жөтөл сыяктуу абалдарда тез доктурга кайрылып, ылайыктуу дарылануудан өтүү шарт»,- деп айтты.
Булак: "trt.net.tr"