www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков жана анын командасы Жогорку Кеңешке өтүүнүн босогосун 9% көтөрдү. Босогону 9%га көтөрүү демилгеси Атамбаев учурунда сунушталып, азыркы бийлик ишке ашырды.

Коомчулукта, саясий чөйрөдө 9%дык босого маселеси байма-бай талкууланып, аны 3-5%га түшүрүү сунушталып жатат. Бирок бийлик уктук же көрдүк деп айта элек. Бул бийлик менен оппозициянын мамилеси кадим Акаев, Бакиев, Атамбаев доорундагыдай эле “сокур менен дүлөйдүн” диалогуна айланып баратканын кабарлайт.

9% босого аркылуу бийлик оппозициялык партиялардын парламентке келишине тосмо коюп, бийликтин күчү менен өзүнө лоялдуу (өз ара келишип алган) партияларды гана өткөрүп, оппозициялык партияларды көчөдө калтырууну көздөп жатат.

Парадокс. Бийлик саясаттын көчөдө эмес, парламентте жүрүшүнө кызыкдар болуш керек. Анткени бул мамлекеттеги туруктуулукка байланыштуу маселе. Эгерде оппозициялык партиялар парламентке келбесе, анда алар өз саясатын көчөдө жүргүзүүгө аргасыз болот. Бул митинг, пикет жана башка түрдүү акциялар...Булар мамлекеттин туруктуулугуна доо кетире турган жагдайлар.

Келечекте мына ушундай жагымсыз жагдайларга карабай бийлик 9%ды көшөрүп карманып турат. Демек, мунун өзгөчө бир себептери бар. Бийликтин күчтүү, оппозициялык маанайдагы саясатчылардын парламентке келишинен өлөсө корккон жагдайлар бар.

Ал жагдайдын биринчиси, 2017-жылы өткөрүлгөн президенттик шайлоону көмүскө же мыйзамсыз каржылоо маселеси болушу мүмкүн. Ал шайлоого айтылуу Раим-миллион 30 млн. доллар бөлгөнү эл оозунда айтылып келет. Президенттик шайлоонун мыйзамсыз каржыланышы боюнча документтер да жарыяланып, бирок ага атайын органдар да, парламент да жарытып көңүл бурган эмес.

Азыркы парламент мына ошол шайлоонун мыйзамсыз каржыланышын иликтөөгө батына алган эмес. Парламентте аны көтөрө турган арка-белдүү саясатчы да жок эмеспи.
Бийлик жаңы парламентке күчтүү, көз карандысыз саясатчылардын келишине эч бир жол бергиси жок. Ошондуктан 9%ды көшөрүп карманып отурат.

Маалымат Айданбек Акматовдун  Фейсбук баракчасынан алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости