www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-декабрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Турдумалиев Кайрат Сазыкбаевичке байланыштуу УКМКнын кайрылуусун карады.

Жыйында УКМКнын өкүлү бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «Кыргызстандын жашылдар» партиясынан талапкер Турдумалиевдин катыштыгы аныкталганын билдирди.

«Жогорудагы адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча жетиштүү далилдеринин бар экендигин эске алып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүңүздөрдү суранабыз», - деди ал.

БШКнын 11 мүчөсү «макул» деп добуш берди.

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун алдында «Эл ынтымагы» кыймылынын бир катар мүчөлөрү, «Кыргызстан жашылдар» партиясынын мүчөлөрү, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты кармалган.

УКМКнын маалыматына караганда, алар парламенттик шайлоодон кийин дароо бийликти күч менен басып алууну пландаштырышкан. Күч түзүмдөрүндөгү булактардын айтымында, шектүүлөрдүн жолугушуулары 2021-жылдын август айында башталган. Алардын баары Кыргызстандын бир облусунан чыккандар.

Жолугушуулардын жүрүшүндө облустун бардык аймактарынан колдоочуларды тартуу пландары талкууланган. Алар бийликти басып алуу үчүн массалык нааразылык акцияларын өткөрүшү керек болчу. Коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн айтымында, ноябрь айындагы жыйында, талкуулар уланган. Шектүүлөр пландалган төңкөрүштүн катышуучуларынын санын, күжүрмөн даярдыгын талкуулап, тапшырмаларды беришкен.

Бирок, коопсуздук кызматкерлери билдиргендей, алар өз пландарын ишке ашыра алышкан жок — шектүүлөр камакка алынды. Алардын арасында:

- Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигенов УКМКнын абагына 2022-жылдын 26-январына чейин камакка алынды.

«Эл Ынтымагы» кыймылынын мүчөлөрү:

- Аскат Темралиев;

- Нурсултан Большевиков;

- К.Сатар уулу;

- Азамат Мусакеев;

- Нурбек Калекеев;

- Н.Сатынбеков.

«Кыргызстандын жашылдар партиясынын» мүчөлөрү:

- Нурис Сүйөркулов;

- Руслан Акматбеков;

- Бекназар Купешев.

Баары СИЗО-1 абагына 2022-жылдын 26-январына чейин камакка алынган.

Учурда кылмыш иши тергелип жатат. Мындан башка дагы кармалгандар бар экени белгилүү болду. Буга чейин 15 адам тууралуу айтылганы менен толук маалымат бериле элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости