www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрк Кеңешинин III Жаштар фестивалынын ачылышы Стамбулда болду.

Фестивалдын ачылышында сөз сүйлөгөн Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган, Батыш маданиятынын тартуучулугу менен бирге алдоочу жагы болоорун жаштар тарабынан түшүнүлүшү керектигин айтты.

Эрдоган Түрк Кеңеши тарабынан Стамбулда уюштурулган «Түрк Кеңешинин III Жаштар фестивалынын» ачылышында Түрк Дүйнөсү өлкөлөрүнүн учурда транспорт жагынан дагы каалаyган жерге жете электигин белгилеп, өлкөлөрдүн ортосундагы учак, жүк ташуу транспортун арттыруу темасында жасалышы керек болгондор бар экенин түшүндүрдү.

Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн барган сайын саясий жана маданий жактан бири-бири менен карым-катнаштарын арттырганын кеп кылган Эрдоган, маданий карым-катнаштардын дагы көбөйүшү керектигин белгиледи.

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын дүйнөдө салттык спорттордун күчтөнүшүн каалаганын айткан Эрдоган, 30дан ашуун иш- чарага катышуу болгонун жана иш-чараларга 60тан ашуун өлкөдөн өкүл катышканын маалымдады.

Эрдоган Түрк Дүйнөсүнүн салттык спорттор темасында жакшы базиске ээ болгонун айтып, төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 2020-жылы Изникте өткөрүлө турганын билдирди.

Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев да жаштар саясатынын Түрк Кеңешинин алдыңкы темаларынын арасында орун алганын баса белгилеп, «Жаштар биздин приоритеттүү планыбыз жана келечегибиз болуп саналат. Түрк Кеңешинде жаштар платформасын түзүүгө мажбурбуз»,-деди.

Фестивалда мүчө мамлекеттер Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан менен конок мамлекеттер Түркмөнстан, Венгрия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынан (ТКТР) 150дөн ашуун жаштар орун алышты.

Алмазбек Асанбаев, ТРТ

Последние новости